# 15-статья. Административдик кызмат орундарынын классификациясы

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 15-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-15

---

Административдик мамлекеттик кызмат орундары жетекчилер жана адистер категорияларына, ошондой эле төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:

- жогорку кызмат оруну;

- башкы кызмат оруну;

- улук кызмат оруну;

- кенже кызмат оруну.

Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын категорияларынын жана топторунун курамы жана катышы Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын негиздүү сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана башка кызмат адамдары жана мамлекеттик органдар тарабынан дайындалуучу (шайлануучу) административдик мамлекеттик кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-14)  
Кийинки берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-16)
