# 14-статья. Мамлекеттик органдын статс-катчысы

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 14-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-14

---

Статс-катчы Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана административдик ведомстволорунда жогорку административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Статс-катчынын кызмат орду аткаруу, сот бийлигинин башка органдарында да уюмдаштырылышы мүмкүн. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмекке кирбеген башка мамлекеттик органдарда ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу милдети тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери дайындай турган бул органдардын аппараттарынын жетекчилерине жүктөлөт. Статс-катчынын кызмат оруну мамлекеттик органдын жетекчиси отставкага кеткен же кызматтан бошотулганына байланыштуу алмаштырылбай турган туруктуу орун болуп саналат. Статс-катчынын кызмат оруну укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарына теңештирилет. Мамлекеттик органдагы статс-катчы:

- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;

- ошол мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси иштеп чыккан саясатты ишке ашырат;

- административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, орун которуштурууга, ротациялоого жана бошотууга сунуштама даярдайт;

- кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик органдын жетекчисине финансы менеджменти жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу жагынан отчет берет жана жоопкерчилик тартат.

Статс-катчынын ваканттык кызмат орунун ээлөөгө тандоо Кеңеш тарабынан конкурстук негизде жүргүзүлөт. Талапкерлер алардын кесиптик жана жеке сапаттарын, тиешелүү стажы жана башкаруу ишиндеги тажрыйбасы бар экендигин эске алуу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен Кеңеш тарабынан каралат жана сунуш кылынат. Аткаруу бийлик органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунуштоосу жана мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Аткаруу жана сот бийлигинин башка органдарында статс-катчынын кызмат ордун уюмдаштырганда статс-катчыны дайындоо тартиби Кеңеш тарабынан белгиленет. Статс-катчы ушул Мыйзамдын 31-34-статьяларында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Статс-катчы төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызматынан бошотулат:

- мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча - Кеңештин макулдугу менен;

- мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштамасы боюнча.

Статс-катчыны аттестациялоону Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы башка мамлекеттик административдик кызматчылар үчүн белгиленген тартипте жүргүзөт. Статс-катчынын ишинин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка маселелери Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы иштеп чыгуучу жана Кеңеш бекитүүчү статс-катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-15)
