Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
14-статья. Мамлекеттик органдын статс-катчысы
Күчүн жоготкон · 30.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 мая 2016 года № 75.
Статс-катчы Кыргыз Республикасынын министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана административдик ведомстволорунда жогорку административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик кызматчы болуп саналат. Статс-катчынын кызмат орду аткаруу, сот бийлигинин башка органдарында да уюмдаштырылышы мүмкүн. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тизмекке кирбеген башка мамлекеттик органдарда ушул Мыйзамдын жоболорун аткаруу милдети тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери дайындай турган бул органдардын аппараттарынын жетекчилерине жүктөлөт. Статс-катчынын кызмат оруну мамлекеттик органдын жетекчиси отставкага кеткен же кызматтан бошотулганына байланыштуу алмаштырылбай турган туруктуу орун болуп саналат. Статс-катчынын кызмат оруну укуктук статусу боюнча мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарына теңештирилет. Мамлекеттик органдагы статс-катчы:
- мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат;
- ошол мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдын жетекчиси иштеп чыккан саясатты ишке ашырат;
- административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды дайындоого, орун которуштурууга, ротациялоого жана бошотууга сунуштама даярдайт;
- кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик органдын жетекчисине финансы менеджменти жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу жагынан отчет берет жана жоопкерчилик тартат.
Статс-катчынын ваканттык кызмат орунун ээлөөгө тандоо Кеңеш тарабынан конкурстук негизде жүргүзүлөт. Талапкерлер алардын кесиптик жана жеке сапаттарын, тиешелүү стажы жана башкаруу ишиндеги тажрыйбасы бар экендигин эске алуу менен мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен Кеңеш тарабынан каралат жана сунуш кылынат. Аткаруу бийлик органдарындагы статс-катчы Кеңештин сунуштоосу жана мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат жана бошотулат. Аткаруу жана сот бийлигинин башка органдарында статс-катчынын кызмат ордун уюмдаштырганда статс-катчыны дайындоо тартиби Кеңеш тарабынан белгиленет. Статс-катчы ушул Мыйзамдын 31-34-статьяларында каралган негиздер боюнча ээлеген кызматынан бошотулушу мүмкүн. Статс-катчы төмөндөгүдөй учурларда ээлеген кызматынан бошотулат:
- мамлекеттик органдын жетекчисинин сунуштамасы боюнча - Кеңештин макулдугу менен;
- мамлекеттик органдын жетекчисинин макулдугу менен Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунуштамасы боюнча.
Статс-катчыны аттестациялоону Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы башка мамлекеттик административдик кызматчылар үчүн белгиленген тартипте жүргүзөт. Статс-катчынын ишинин ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган башка маселелери Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы иштеп чыгуучу жана Кеңеш бекитүүчү статс-катчы жөнүндөгү жобо менен аныкталат.
Берененин тексти 30.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р "Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын…Сот практикасы · Решение · 26.11.2013 · № 18-р
Беренеге цитата келтиргендер (6)
- КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 26-ноябрындагы № 18-р "Жарандар Асан Саматович Токтоналиевдин жана Болотбек Сексенбешович Чокморовдун кайрылууларынын…Решение · 26.11.2013 · № 18-р
- Распоряжение Премьер-министра КР от 19 октября 2005 года №433Распоряжение · 19.10.2005 · № 433
- КР Премьер-министринин 2012-жылдын 23-августундагы № 616 (А.С.Токтоналиев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 23.08.2012 · № 616
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 15-январындагы № 8 "Д.Ж.Шайдиева жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 15.01.2013 · № 8
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 19-июнундагы № 266 "С.Н.Борубаев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 19.06.2013 · № 266
- КР Премьер-министринин 2013-жылдын 19-июнундагы № 266 "С.Н.Борубаев жөнүндө" буйругуРаспоряжение · 19.06.2013 · № 267
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1513/st-14" title="14-статья - Мамлекеттик кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>