# 12-статья. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 9 июня 2012 года № 78 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203678)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 09.06.2012 [Закон КР от 9 июня 2012 года № 78 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203678); 08.05.2012 [Закон КР от 8 мая 2012 года № 47 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/203647)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838635..838636>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 12-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-12

---

Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары - Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин (мындан ары - Кеңеш) жумушчу органы жана туруктуу иштеген мамлекеттик орган болуп саналат. Кеңеш мамлекеттик кызматтын өнүгүү стратегиясын аныктайт жана бул чөйрөдө мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын макулдашып иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү үчүн механизмдерди иштеп чыгат; мамлекеттик башкаруу жана мамлекеттик кызмат маселелери боюнча ченемдик укуктук базаны түзүүнүн артыкчылыктарын аныктайт; мамлекеттик органдардын ишинин жана мамлекеттин кадрдык дараметинин натыйжалуулугун жогорулатуунун саясатын иштеп чыгат; мамлекеттик органдарда статс-катчынын кызмат орунуна талапкерди сунуш кылуу жөнүндө чечим кабыл алат, мамлекеттик органдын статс-катчысын бошотууга макулдук берет же макулдук берүүдөн баш тартат; мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты реформалоонун, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик кызматчылардын ишинин айкындуулугу жана акниеттүүлүгү, коррупцияга каршы саясатты жүзөгө ашыруу менен байланышкан маселелерди караган негизги принциптерди иштеп чыгат, ушул Мыйзамдан келип чыккан башка маселелерди чечет. Кеңеш Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын иши менен байланышкан Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчисинин отчетун, баяндамасын жана башка маалыматтарын угат. Кеңештин курамына төмөнкүлөр кирет:

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган парламенттик көпчүлүктүн бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары) жана парламенттик оппозициянын бир өкүлү;

- Президент тарабынан бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентинин бир өкүлү (Кеңештин төрагасынын орун басары);

- Өкмөт тарабынан бир жылдык мөөнөттө дайындалган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эки өкүлү;

- Жогорку соттун төрагасы тарабынан Жогорку соттун мүчөлөрүнүн ичинен бир жылдык мөөнөткө дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун бир өкүлү;

- мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси туруктуу негизде (Кеңештин төрагасы).

Ушул органга тиешелүү маселени кароодо Кеңештин ишине (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин тармактык комитетинин өкүлү, ошондой эле мамлекеттик органдын жетекчиси катышат. (Алтынчы бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Жетинчи бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (Сегизинчи бөлүк КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) Кеңештин жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Кеңештин иши Кеңеш жөнүндөгү жобо менен регламентгештиришет, аны Кеңештин төрагасы бекитет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалуучу жетекчи башкарат. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмү жана Жобосу Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жетекчиси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка мамлекеттик органдарынын жыйналышына катышууга укугу бар. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында статс-катчылык кызмат оруну түзүлөт. Мамлекеттик кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын иш-аракети жана чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн. (КР 2012-жылдын 8-майындагы № 47, 2012-жылдын 9-июнундагы № 78 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-13)
