# 11-статья. Мамлекеттик кызмат менен байланышкан чектөөлөр

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513#diff=838636..838637>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 11-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-11

---

Мамлекеттик кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) муниципалдык кызматта болууга;

2) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен бөлөк акы төлөнүүчү башка ишти аткарууга. Мында эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдарынын, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдардын өз ара негиздеги сүйлөшүүлөрүндө башкача каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен каржыланбайт;

3) жеке өзү же ишенген адам аркылуу ишкердик кылууга, уюштуруу-укуктук формасына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын мамлекеттик кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;

4) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик бийлик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же башка өкүл болууга;

5) маалыматты, материалдык-техникалык, финансы жана маалыматтык камсыздоо каражаттарын, кызматтык автоунаа каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мамлекеттик мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

6) кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссуда, акчалай же башка сыйакы, кызмат көрсөтүү, көңүл ачууну, эс алууну, транспорт чыгымдарын төлөө ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүүлүгүнө жараша менчиги болуп таанылат жана тийиштүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына акт боюнча өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат ордун туруктуу негизде ээлеп турган адам протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.

7) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат учурунда саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын ишин кандайдыр бир түрдө түзүүгө, катышууга же көмөк көрсөтүүгө; мамлекеттик кызмат иштерин партиянын программалары менен чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат;

8) өзү менен туугандык мамилелерде болгон адамдардын (ата-энеси, жубайы, ага-инилери, эже-сиңдилери жана балдары) түздөн-түз баш ийишине же көзөмөлдөөдө болушуна байланышкан мамлекеттик кызматта болууга;

9) өзүнүн кызматы менен байланышкан, өзү ыйгарым укуксуз болгон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;

10) өзүнүн кызмат абалын мамлекеттик кызматчынын жеке өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын туугандары болуп саналган адамдардын жеке кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү максатында пайдаланууга;

11) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурууга же катышууга, же башка иш-чаралар менен мамлекеттик органдардын иштешине тоскоолдук кылууга;

12) кызматтык милдеттерди аткаруу учурунда белгилүү болгон, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттерди аткарууга байланышпаган максаттарда ачыкка чыгарууга жана колдонууга;

13) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдары менен чет мамлекеттин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара негизде сүйлөшүүлөрдө башкача каралбаса, башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдарынын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;

14) Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттик же муниципалдык органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен сүйлөшүү боюнча жүзөгө ашырылган иш сапарларды кошпогондо, жеке же юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга;

15) Туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адам катары жарыялоолор жана чыгып сүйлөөлөр үчүн калем акы алууга;

16) мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга келтирилген зыяндын далилденген учурларын кошпогондо, жогору турган органдын же кызмат адамынын аракетин ачык айыптоого.

Ушул статьяда каралган чектөөлөрдү сактабай коюу фактысын белгилөө мамлекеттик кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейинки тартипке чакыруу жоопкерчилик чарасын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. Мамлекеттик кызматчы мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөргө укуксуз:

- үчүнчү адамдардын кызыкчылыктарында мурда өзү иштеген жер боюнча өзүнүн компетенциясына кирген маселелер менен кайрылууга;

- өзү мамлекеттик кызматта турган мезгилинде анын карамагында болгон кандай гана болбосун жеке же юридикалык адам кошумча артыкчылыктарды ала турган болсо, андай жеке же юридикалык адамдын атынан аракеттенүүгө.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик кызматчылар коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында боло алышпайт. Кош жарандыгы бар мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттик бийлик органдарында жетектөөчү кызмат ордун ээлей алышпайт. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

III Глава Мамлекеттик кызматты уюштуруунун негиздери

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-12)
