# 10-статья. Мамлекеттик кызматчынын этикасы

- Документ: [Мамлекеттик кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1513)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 11-августундагы № 114 "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 114
- Кабыл алынган күнү: 11.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.05.2016
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 30 мая 2016 года № 75 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/111354)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1447/edition/838621/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1513/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик кызмат жөнүндө, 10-статья (30.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-10

---

Мамлекеттик кызматчынын этикасы - бул мамлекеттик кызматчынын жүрүш-туруш эрежелерин белгилеген жана жөнгө салган ченемдердин тутуму. Этиканы сактоо ар бир мамлекеттик кызматчынын милдети болуп саналат. Мамлекеттик кызматчы этиканын төмөнкүдөй негизги принциптерин сактоого тийиш:

- өзүн ар дайыма мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин түзгүдөй, сактагыдай жана бекемдегидей түрдө алып жүрүүгө;

- адептүү, сыпайы, сабырдуу, принциптүү болууга, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулууга, маектешти ута билүүгө жана анын позициясын түшүнүүгө, ошондой эле кабыл алынуучу чечимди таразалоого жана негиздөөгө; өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесиптик деңгээлде аткарууга, өзүнүн жалпы билим жана кесиптик деңгээлин жогорулатууга;

- башка мамлекеттик кызматчылар тарабынан этика ченемдерин бузуунун фактылары белгилүү болгон учурда, мамлекеттик кызматчынын этикасынын Кодексинде каралган чараларды көрүүгө;

- өзүнө баш ийген адамды укукка сыйбаган чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого мажбур кылбоого;

- өз ишинде таламдардын кагылышуусуна жол бербөөгө;

- элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына урматтоо менен мамиле кылууга;

- өзүнүн кызматтык ишине кимдир-бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат орундарына жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөөгө.

Мамлекеттик кызматчынын этикасынын башка принциптери жана ченемдери атайын мыйзамдар тарабынан белгиленет. Мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнө баш ийген мамлекеттик кызматчылар тарабынан этиканы бузууларды четтетүүгө жана болтурбоого карата бардык чараларды көрүүгө милдеттүү. Мамлекеттик органдын статс-катчысы өзүнө баш ийген мамлекеттик кызматчылар тарабынан жамаатта этиканы бузууну болтурбоо боюнча жумушчу атмосферасын түзүү үчүн жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1513/st-11)
