# 379-статья. Көзөмөл инстанциясындагы соттун токтому (аныктамасы)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Толук аталышы: 2004-жылдын 8-августунун № 111 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-379>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1444/edition/858060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1510/st-379.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо, 379-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-379

---

(1) Көзөмөл тартибинде каралган иш боюнча көзөмөл инстанциясындагы сот кеңешүү бөлмөсүндө токтом (аныктама) чыгарат. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын токтомуна (аныктамасына) ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиумунун токтомуна (аныктамасына) төрагалык кылуучу жана доклад кылуучу судья кол коет. Өзгөчө учурларда өтө татаал иш боюнча жүйөлүү токтомду түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок токтомдун (аныктаманын) корутунду бөлүгү кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ишти кароого катышкан бардык судьялар кол коюшат. (3) Токтомду (аныктаманы) төрагалык кылуучу же доклад кылуучу судья жарыя кылат. Соттук заседаниенин залында катышып олтургандардын бардыгы токтомду (аныктаманы) орундарынан туруп угушат.

50. 382-статьяда:

экинчи бөлүктөгү "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүк алып салынсын.

51. 383-статьяда:

бүткүл текст боюнча: "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын; биринчи бөлүктүн 7-пунктундагы ", болбосо соттун заседаниесинде жоюлбай турган тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн иш прокурорго кайра кайтарылсын" деген сөздөр алып салынсын; төртүнчү бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "(4) Көзөмөл инстанциясындагы сот көзөмөлдүк өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотот:

1) эгерде даттануу жана (же) сунуш кайра чакыртылып алынса;

2) эгерде ага каршы сунуш (даттануу) берилген соттолгон, акталган же соттолуучу адам өлүп калса;

3) эгерде соттук заседаниеде процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун же өзүнүн жактоочусунун, өкүлүнүн даттануусун колдобосо;

4) эгерде процесстик ишти көзөмөл тартибинде карап чыгуу учуруна карата он сегиз жаш куракка жеткен катышуучусу өзүнүн мурдагы мыйзамдуу өкүлүнүн, жактоочусунун даттануусун колдобосо."

52. 383-1-статьянын бүткүл тексти боюнча "кылмыш жана администрациялык иштер боюнча" деген сөздөр "кылмыш иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

53. 383-2-статья алып салынсын.

54. 385-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"385-статья. Ишти жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча караган соттор (1) Мыйзамдуу күчүнө кирген соттук акт жаңыдан ачылган кырдаалдар боюнча бул актыны кабыл алган сот тарабынан кайрадан каралат. (2) Биринчи инстанциясындагы сот апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл тартибинде каралбаган иш боюнча өзүнүн соттук актысын кайрадан карап чыгат. (3) Областтык соттун жана ага теңештирилген соттун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда каралбаган иш боюнча өзүнүн соттук актысын жана биринчи инстанциядагы соттун актысын кайрадан карап чыгат. (4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму жана Жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясы өзүнүн соттук актыларын жана бардык жалпы юрисдикциядагы жергиликтүү соттордун актыларын кайрадан карап чыгат."

55. 398-статья төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи бөлүк менен толукталсын:

"(5) Эгерде биринчи инстанциясындагы сотто, апелляциялык тартипте же көзөмөл тартибинде карап чыкканга чейин айыпталуучу (соттолуучу, соттолгон, акталган) адам он сегиз жашка толсо, сот мыйзамдуу өкүлдүн функцияларын кыскартуу жөнүндө токтом (аныктама) чыгарат.".

56. 401-статьянын биринчи бөлүгү "анча оор эмес кылмыш деген сөздөрдөн кийин "жана кыйла жеңил кылмыш" деген сөздөр менен толукталсын.

---

Мурунку берене: [373-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-373-7)  
Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-2)
