# 373-7-статья. Кассациялык инстанциясындагы соттун чечимин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Толук аталышы: 2004-жылдын 8-августунун № 111 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-373-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1444/edition/858060/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо, 373-7-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-373-7

---

Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими дароо күчүнө кирет жана ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинде каралган тартипте аткарылат.".

45. 374-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"374-статья. Жазык иштерин көзөмөл тартибинде караган сот. Көзөмөл инстанциясынын укуктарынын чектери (1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жазык процессинин катышуучуларынын даттануулары боюнча жана прокурорлордун сунуштары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын көзөмөл тартибинде кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат. (2) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча соттук коллегиясы көзөмөл тартибинде жергиликтүү соттун апелляциялык инстанциясынын соттук актыларын кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат. (3) Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Президиуму көзөмөл тартибинде кассациялык инстанциядагы жергиликтүү соттун соттук актыларын кайрадан карап чыгууну жүзөгө ашырат. (4) Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна келип түшкөн жазык иши мурда апелляциялык жана кассациялык тартибинде каралбаган болсо, анда ал карап чыгуу үчүн даттануу жана сунуш менен чогуу жергиликтүү соттун тиешелүү инстанциясына жөнөтүлүүгө тийиш. (5) Жазык ишин көзөмөл тартибинде карап чыгуу учурунда сот көзөмөлдук даттануулардын жана сунуштун жүйө далилдерине кайрылбайт жана жазык иши боюнча өндүрүштү толук көлөмдө текшерүүгө укуктуу. (6) Эгерде жазык иши боюнча бир нече адам соттолсо, ал эми көзөмөл даттануусу же сунуштары алардын ичинен бирөөнө, болбосо алардын кээ бирөөлөрү боюнча гана берилсе, анда көзөмөл инстанциясындагы сот бардык соттолгондордун жазык ишин текшерүүгө укуктуу. (7) Көзөмөл инстанциясындагы сот көзөмөл тартибинде жазык ишин карап жаткан учурда соттолгонго дайындалган жазаны жеңилдетүүгө же анча оор эмес кылмыш жөнүндө жазык мыйзамын колдонууга укуктуу. (8) Жергиликтүү соттун актысынын адилетсиздиги (мыйзамсыз жана негизсиз актоо, кылмыш ишин кыскартуу, жазанын жеңилдиги) жөнүндө жапа чеккендин даттануусунун негиздүүлүгүн жана (же) прокурордун сунушун белгилеп, көзөмөл инстанциясындагы сот даттануу жана (же) сунуш келтирилген соттолуучу (айыпталуучу, соттолуучу, акталуучу) жагынан гана сот актысын алып салат жана жазык ишин биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун кароосуна жөнөтөт. Эгерде иш боюнча бир нече адам соттолгон (акталган, айыпталган) болсо, анда көзөмөл инстанциясындагы сот прокурор сунуш же жапа чегүүчү даттануу берген соттолгондордун (акталгандардын, айыпталуучулардын) абалын оордотууга укуксуз.".

46. 374-1-статья алып салынсын.

47. 375-статьянын экинчи бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"(2) Даттануу же сунуш жазык иши сот тарабынан иш келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашпаган мөөнөттө каралат.".

48. 377-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"377-статья. Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна даттанууларды жана сунуштарды киргизүүнүн тартиби (1) Көзөмөл тартибинде соттун кароосуна процесстин катышуучусунун даттануусу, прокурордун сунушу өкүмдү, токтомду, аныктаманы чыгарган биринчи инстанциясындагы сот аркылуу ушул Кодекстин 340-статьясынын талаптарын сактоо менен киргизилет. (2) Өкүмдү, токтомду чыгарган сот даттануу жана сунуш берилгендиги жөнүндө айыпталуучуга же акталган адамга, жактоочуга, айыптоочуга, жабыралнуучуга жана анын өкүлүнө, ошондой эле жарандык доочуга, жарандык жоопкерге же алардын өкүлдөрүнө билдирет. Сот даттануу же сунуш менен таанышып, аларга даттанууга же сунушка каршы пикирди жазуу жүзүндө берүү укугун түшүндүрөт. Сот аларга башка тарап берген даттануунун же сунуштун көчүрмөсүн тапшырат. (3) Даттанууга же сунушка берилген каршы пикир ишке кошулат. (4) Тараптар башка тараптын даттанууларынын же сунуштарынын негиздемелерин ырастап сотко жаңы материалдарды берүүгө укуктуу. (5) Көзөмөл инстанциясындагы сот ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн талаптарын сактабастан берилген даттанууну же сунушту карабастан калтырат, бул жөнүндө токтом чыгарылат. Эгерде даттанууну же сунушту берген жак ушул Кодексте өзүнө берилген укуктардын чегинен чыкса, даттануу же сунуш кароосуз калтырылышы мүмкүн. (6) Процесстин катышуучусу өзүнүн даттануусун жана өзүнүн жактоочусунун жана өкүлүнүн даттануусун кайра чакыртып алууга укуктуу. Процесстин жашы жете элек катышуучусу өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн жана жактоочусунун даттануусун өзү бойго жеткен күнү гана кайра чакыртып ала алат. Сунушту аны берген прокурор жана жогору турган прокурор кайра чакырта алат. Даттанууну жана сунушту судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кеткенге чейин кайра чакыртып алууга жол берилет. (7) Сунушту жана (же) даттанууну кайра чакыртып алуу көзөмөл өндүрүшүн кыскартууга алып келет, бул жөнүндө көзөмөл инстанциясындагы сот токтом чыгарат.".

49. 378 жана 379-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"378-статья. Көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан иштерди карап чыгуунун тартиби (1) Көзөмөл даттануусу же сунушу бар иш келип түшкөн учурда көзөмөл инстанциясындагы соттун төрагасы же анын орунбасары соттук курамды дайындайт, иш боюнча төрагалык кылуучуну жана доклад кылуучу судьяны аныктайт, ага ишти даттануу (сунуш) жана башка материалдар менен чогуу өткөрүп берет. Доклад кылуучу судья ишти, даттанууну жана сунушту карап чыгып, соттук заседаниени дайындоо жөнүндө токтом чыгарат, анда соттук заседаниенин убактысын жана ордун, заседаниеге чакырылууга тийиш болгон адамдарды көрсөтөт. (2) Көзөмөл инстанциясындагы сот ишти карай турган күн жөнүндө тараптарга маалымдайт. Тараптардын келбей калышы ишти карап чыгууга тоскоолдук кылбайт. Камакта отурган соттолгон адамдын (айыпталуучунун) соттук заседаниеге катышуусу жөнүндөгү маселе көэөмөл инстанциясындагы сот тарабынан чечилет. (3) Жазык иштери көзөмөл инстанциясындагы сот тарабынан ушул Кодекстин 31-статьясында аныкталган курамда каралат. (4) Төрагалык кылуучу жазык иштерин карап чыгуу үчүн белгиленген убакытта соттук заседаниени ачат жана кайсы иш териштирилүүгө тийиш экендигин жарыялайт. (5) Соттук заседаниенин катчысы процесстин кабар берилген катышуучуларынын тизмесин жарыялайт жана жана көрсөтүлгөн адамдардын ичянен кимиси келгенин жана жок адамдардын келбей калышынын себептерин доклад кылат. Төрагалык кылуучу ишти карап чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө процесстин катышуучуларынын пикирин сурайт. Сот соттук заседаниени улантуу жөнүндө же аны кийинкиге калтыруу жөнүндө аныктаманы соттук заседание залында же кеңешүү бөлмөсүнө барып чыгарат. Аныктаманы төрагалык кылуучу жарыя кылат жана ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (6) Төрагалык кылуучу соттун курамын, соттук заседаниенин катчысынын, прокурордун, котормочунун фамилияларын жарыялайт жана иш боюнча келген адамдардан аларда четке кагуу жөнүндө арыздын бар же жок экендиги жөнүндө сурайт. Четке кагуу жөнүндө арыз ушул Кодекстин 73-статьясына ылайык сот тарабынан кеңешүү бөлмөсүндө чечилет, мында өзүнчө документ түрүндө аныктама чыгарылат. (7) Төрагалык кылуучу иш боюнча келген адамдардан алардын расмий өтүнүчтөрү жөнүндө сурайт. Билдирилген расмий өтүнүчтөр боюнча сот аныктама чыгарат, ал соттук заседаниенин протоколуна киргизилет. (8) Доклад кылуучу судья иштин маңызын, даттануулардын негизги далилдерин, сунуштарды, аларга каршы пикирди, кошумча материалдарды жарыялайт. Судьялар докладчыга суроо бере алышат. (9) Сот даттанууну же сунушту берген тараптардын, андан кийин башка тараптын сөзүн угат. Судья тараптарга суроо берүүгө укуктуу. (10) Тараптар сүйлөп бүткөндөн кийин судьялар кеңешүү бөлмөсүнө кетишет. (11) Көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алынат. Судья добуш берүүдө калыс калууга же ага катышпай коюуга укуксуз. Төрагалык кылуучу добушту акырында берет. Эгерде судьялардын көпчүлүгү жактап добуш берсе, көзөмөл инстанциясындагы соттун чечими кабыл алынды деп эсептелет. (12) Көзөмөл инстанциясындагы соттун заседаниесинде протокол жүргүзүлөт, ага соттук заседаниенин төрагалык кылуучусу жана катчысы кол коет. (13) Соттук заседаниенин иш тартиби жана укук бузуучуларга карата көрүлүүчү чаралар ушул Кодекстин 269, 271-статьяларында каралган эрежелер боюнча аныкталат.

---

Мурунку берене: [373-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-373-6)  
Кийинки берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-379)
