373-6-статья. Кассациялык инстанциядагы соттун чечими
Күчүн жоготкон · 24.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Жазык ишин кассациялык тартипте карап чыгуунун натыйжасында кассациялык инстанциядагы сот төмөнкүдөй чечимдердин бирин чыгарат:
1) даттанылган соттук актыны күчүндө калтыруу жөнүндө;
2) даттанылган соттук актыны өзгөртүү жөнүндө;
3) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана жазык ишин кыскартуу жөнүндө;
4) даттанылган соттук актыны бузуу жөнүндө жана ишти биринчи инстанциядагы сотко жаңыдан карап чыгууга жөнөтүү жөнүндө, болбосо сотто жоюлбай турган тергөө кемчиликтерин жоюу үчүн ишти прокурорго кайра кайтаруу жөнүндө;
5) ушул Кодекстин 373-5-статьясынын он төртүнчү бөлүгүнүн негизинде кассациялык өндүрүштү кыскартуу жөнүндө.
(2) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими аныктама түрүндө чыгарылат. (3) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага жазык ишин кароого катышкан үч судья тең кол коет. Өзгөчө учурларда гана өтө татаал иш боюнча жүйөлүү чечимди түзүү он күнгө чейинки мөөнөткө кийинкиге калтырылышы мүмкүн, бирок чечимдин корутунду бөлүгү кеңешүү бөлмөсүндө түзүлөт жана ага судьялар ошо жерден кол коюшат. (4) Чечимди төрагалык кылуучу же доклад кылуучу судья жарыя кылат. Соттук заседаниенин залында катышып олтургандардын бардыгы чечимди орундарынан туруп угушат. (5) Кассациялык инстанциясындагы соттун чечими көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 24.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
373-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1510/st-373-6" title="373-6-статья - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>