# 268-статья. Соттук заседаниеде токтом жана аныктама чыгаруунун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо](https://aqlex.ai/kg/doc/1510)
- Толук аталышы: 2004-жылдын 8-августунун № 111 Кыргыз Республикасынын Мыйзамы "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 111
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"](https://aqlex.ai/kg/doc/111703)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1444/edition/858060/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1510/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине озгортуулорду жана толуктоолорду киргизуу жонундо, 268-статья (24.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-268

---

(1) Соттук териштирүүнүн учурунда сот чече турган бардык маселелер боюнча судья токтом чыгарат, сот аныктама чыгарат, алар соттук заседаниеде жарыя кылынат. (2) Ишти прокурорго кайра кайтаруу, ишин кыскартуу, бөгөт коюу чарасын тандоо, өзгөртүү же бузуу жөнүндө, четке кагуу жөнүндө, экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) өзүнчө бөлмөдө чыгарылат жана өзүнчө документ катары баяндалат. (3) Судьянын бардык башка токтомдору, соттун аныктамалары, болбосо ушул статьянын экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартипте, болбосо ошол жерде - соттук заседание залында токтомду (аныктаманы) соттук заседаниенин протоколуна киргизүү менен чыгарылат.".

31. 273-статьяда:

экинчи бөлүктөгү "төрагалык кылуучу" деген сөздөр "судья (сот)" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү бөлүктүн биринчи сүйлөмү "токтом" деген сөздөн кийин ", сот-аныктама" деген сөздөр, экинчи сүйлөмү "судьянын токтому" деген сөздөн кийин ", соттун аныктамасы" деген сөздөр менен толукталсын.

32. 279-статьядагы "өзү" деген сөз "соттун курамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

33. 281-статьянын экинчи сүйлөмү "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 66-статьясында көрсөтүлгөн" деген сөздөр толукталсын.

34. 288-статьянын экинчи бөлүгү "төрагалык кылуучу" деген сөздөрдөн кийин "жана соттук заседателдер" деген сөздөр менен толукталсын.

35. 291-статьянын төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Андан кийин төрагалык кылуучу жана соттук заседателдер күбөгө суроо бере алат.".

36. 308-статья "төрагалык кылуучу" деген сөздөрдөн кийин "(соттун курамы)" деген сөздөр менен толукталсын.

37. 311-статьяда:

биринчи бөлүктөгү "судья ошол иш боюнча төрагалык кылуучу" деген сөздөр "ошол иш боюнча соттун курамы" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи бөлүктөгү "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы бөлүктөр менен толукталсын: "(4) Соттун курамы менен өкүм чыгарууда бардык маселелер жөнөкөй көпчүлүк добуш менен чечилет. Судья же соттук заседатель добуш берүүдө калыс калууга укуксуз. Төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет. (5) Өзгөчө пикирде калган судья же соттук заседатель аны жазуу жүзүндө баяндоого укуктуу. Өзгөчө пикир өкүмдү угузууда жарыя кылынбайт, бирок ишке тиркелет. (6) Судья жана соттук заседателдер өкүм чыгарууда орун алган талкууну ачыкка чыгарууга укуксуз.".

38. 312-статьядагы "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын.

39. 316-статьянын биринчи бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

"4) жазык мыйзамына жараша зыян келтирген жосун (зарыл коргонуу, өзгөчө зарылчылык, кылмыш жасаган адамды кармоодо, буйрукту же башка тескемени аткарууда келтирилген зыян, негиздүү тобокелдик) укук ченемдүү болот.".

40. 317-статья төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү бөлүк менен толукталсын:

"(3) Соттун курамынын өкүмү судья же анын токтомуна катышкан соттук заседателдеринин бири тарабынан жазылышы мүмкүн. Өкүмгө судья жана соттук заседателдер кол коет. Өзгөчө пикирде калган судья же соттук заседатель да эч кандай эскертүүсүз өкүмгө кол коюуга милдеттүү.".

41. 318-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3) өкүм чыгарган соттун аталышы, төрагалык кылуучунун, соттук заседателдердин, соттук заседаниенин катчысынын, айыптоочунун, жактоочунун, жабырлануучунун, мыйзамдуу өкүлдүн, жарандык доочунун, жарандык жоопкердин фамилиясы, аты-жөнү;".

42. 319-статьянын экинчи бөлүгүндөгү жана 324-статьянын биринчи бөлүгүндөгү "судья" деген сөз "сот" деген сөз менен алмаштырылсын.

43. 327-статьянын үчүнчү бөлүгүндөгү "токтом" деген сөз "жеке аныктама" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

44. XI бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 41-1-глава менен толукталсын:

"41-1-Глава Жазык иштерин кароонун кассациялык тартиби

---

Мурунку берене: [252-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-252)  
Кийинки берене: [373-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1510/st-373-1)
