434-статья. Чет өлкөлүк соттун чечимин таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартуунун негиздери
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 48-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Сот төмөндөгүдөй учурларда чет өлкөлүк соттун чечимин толугу менен же бир бөлүгүн таануудан жана мажбурлап аткартуудан баш тартат, эгерде;
1) аймагында кабыл алынган мамлекеттин мыйзамы боюнча чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек же аткарылбоого тийиш болсо;
2) чечим өзүнө каршы кабыл алынган тарап ишти кароонун убактысы жана жери жөнүндө өз убагында жана тиешелүү түрдө кабарландырылбаса же дагы башка себептерден улам сотко өзүнүн түшүндүрмөсүн бере албаса;
3) ишти кароо Кыргыз Республикасынын эларалык келишимине же мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасындагы соттун компетенциясына гана тиешелүү болсо;
4) ошол эле предмет жана ошол эле негиздер боюнча ошол зле тараптардын ортосундагы талаш жөнүндө мыйзамдуу күчүнө кирген Кыргыз Республикасынын сотунун чечими болгон учурда;
5) Кыргыз Республикасындагы соттун кароосунда ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча чет өлкөлүк сотто иш козголгонго чейин козголгон иш болгон учурда;
6) чет өлкөлүк соттун чечимин мажбурлап аткартуу мөөнөтү өтүп кеткен жана бул мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилбеген учурда;
7) чет өлкөлүк соттун чечимин аткартуу Кыргыз Республикасынын эгемендигине эыян келтирсе же Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч туудурса.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
434-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-434" title="434-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>