429-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 47-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) аксакалдар сотунун аталышы жана курамы жөнүндө;
2) аксакалдар сотун дагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндө;
3) арыз берүүчү мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүнү өтүнүп жаткан аксакалдар сотунун чечими жөнүндө;
4) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө көрсөтмө.
3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
429-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-429" title="429-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>