Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
426-статья. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздын түрү жана мазмуну
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 47-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз жазуу жүзүндө берилет жана анын пайдасына чечим кабыл алынган адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш.
2. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) арыз берилип жаткан соттун аталышы;
2) чечим кабыл алган аксакалдар сотунун аталышы жана курамы, анын жайгашкан жери;
3) аксакалдар сотундагы териштирүүнүн тараптарынын аталышы, алардын жашаган жери;
4) аксакалдар сотунун чечими кабыл алынган күн жана жери;
5) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыз берүүчүнүн талабы.
3. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызга төмөндөгүлөр тиркелет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечиминин аткарылбай калышын тастыктаган документтер;
3) асакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын дагы башка тарапка берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсүнүн жөнөтүлгөндүгүн тастыктаган тапшыруу жөнүндөгү кабарлама же дагы башка документ;
4) ишенимкат же арызга кол коюуга ыйгарым укукту тастыктаган дагы башка документ.
4. Аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө ушул статьяда каралган талаптарды бузуу менен берилген арыз аны берген кишиге кароосуз кайтарып берилет.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-426" title="426-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>