424-статья. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү иш боюнча соттун аныктамасы
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 46-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арызды кароонун жыйынтыгы боюнча сот аткаруу баракчасын берүү же бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү аныктамада төмөндөгүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) бейтарап соттун аталышы жана курамы жөнүндөгү;
2) бейтарап териштирүүнүн тараптарынын аталышы жөнүндөгү;
3) бейтарап соттун чечими жөнүндө, арыз берүүчү берүүнү өтүнүп жаткан мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасы жөнүндөгү;
4) бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү же аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү көрсөтмө.
3. Эгерде аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу ушул Кодекстин 423-статьясынын 2-пунктунун 2, 3 жана 4-пунктчаларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча кабыл алынса, анда аткаруу баракчасын берүүдөн баш тарткан чечим чыгарган бейтарап соту бейтарап териштирүүнү кайрадан өткөрүүгө милдеттүү.
4. Бейтарап соттун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү соттун аныктамасына ушул Кодексте белгиленген тартипте жогору турган сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
424-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-424" title="424-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>