# 419-статья. Банк же дагы башка кредит уюмдары жана башка адамдар тарабынан сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 419-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-419

---

1. Карызкордон акча каражаттарын төлөтүү жөнүндөгү сот актысы же башка органдын актысы бул карызкорду тейлеген банктагы же дагы башка кредит уюмундагы анын эсеп-кысабында накталай акча болгон жана төлөтүүчү же сот аткаруучусу тарабынан аткаруу баракчасы аткаруу үчүн аларга берилген учурда аткарылбагандыгы үчүн сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө сот айыбы салынышы мүмкүн.

2. Аткаруу баракчасында көрсөтүлгөн аракеттерди аткаруу милдети жүктөлгөн адамдардын ал аракеттерди жасабагандыгы үчүн аткаруу баракчасын берген сот тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өлчөмдө сот айыбы салынышы мүмкүн.

3. Сот айыбын төлөө сот актысын аткаруу милдетинен бошотпойт.

4. Сот айыбын салуу жөнүндөгү маселе төлөтүүчүнүн же сот аткаруучусунун арызы боюнча сот тарабынан ушул Кодекстин 9-главасында белгиленген тартипте каралат.

---

Мурунку берене: [418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-418)  
Кийинки берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-420)
