# 416-статья. Сот актысын аткаруунун бурулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-416>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-416.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 416-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-416

---

1. Аткарылган сот актысы өзгөртүлгөн же бузулган жана доодон толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынган, же болбосо иш боюнча сот өндүрүшү токтотулган же доо кароосуз калтырылган учурда сот актысын аткаруунун бурулушу колдонулат. Сот актысын аткаруу бурулган учурда бузулган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча доогердин пайдасына төлөтүлгөндүн бардыгы жоопкерге кайтарылат.

2. Эгерде аткарылбаган сот актысы өзгөртүлгөн же бузулган жана доодон толук же жарым-жартылай баш тартуу жөнүндө жаңы сот актысы кабыл алынганда, же болбосо иш боюнча сот иши токтотулганда же доо кароосуз калтырылганда сот бузулган же тиешелүү бөлүгүндө өзгөртүлгөн сот актысы боюнча төлөтүүнү толук же жарым-жартылай токтотуу тууралуу акт кабыл алат.

3. Юридикалык жактын, жарандын арызы боюнча сот төлөтүлгөн акча каражаттарын, мүлктү же анын наркын кайтаруу жөнүндө аткаруу баракчасын берет. Арызга мурда кабыл алынган сот актысынын аткарылгандыгын тастыктаган документ тиркелет.

---

Мурунку берене: [415-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-415)  
Кийинки берене: [417-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-417)
