413-статья. Аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу тартиби
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 45-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу жөнүндө маселени сот аткарылуучу жери боюнча карайт. Бул тууралуу өндүрүп алуучуга, карызкорго, сот аткаруучусуна билдирилет, бирок алардын келбегендиги аталган маселелерди чечүүгө жолтоо болбойт.
2. Аткаруу ишивн токтото туруу же токтотуу тууралуу арызды кароонун жыйынтыгы боюнча аныктама чыгарылат, ал өндүрүп алуучуга, карызкорго, ошондой эле бул аткаруу документи колунда болгон сот аткаруучусуна жиберилет.
3. Соттун аткаруу ишин токтото туруу же токтотуу тууралуу аныктамасына даттануу берилиши мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
413-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-413" title="413-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>