# 409-статья. Судьянын аткаруу ишин токтото туруу милдети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: 45-Глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 409-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-409

---

Судья төмөндүгөдөй учурларда аткаруу ишин токтото турууга милдеттүү: карызкор өлгөн учурда, аны өлдү деп жарыялаганда же дайынсыз жок болду деп таанылганда, эгерде сот аныктаган укуктук мамилелер укук мурастоого жол берсе, ошондой эле карызкор болуп саналган юридикалык жак кайра уюшулган же айы жоюу мыйзамда белгиленген тартипте чечим кабыл алынган же карызкордун банкроттугу (кудуретсиздиги) жөнүндө иш боюнча сот тарабынан иш козголгон учурда; карызкор аракетке жөндөмдүүлүгүн жоготкондо же анын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелгенде; жоопкер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө, дагы башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө болгон учурда же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн күжүрмөн аракеттерге катышкан бөлүктөрүндө, дагы башка аскерлеринде же аскердик түзүлүштөрүндө болгон жоопкердин өтүнүчү боюнча; аткаруу документтери боюнча өндүрүп алуу талабы коюлган мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндө (тизмеден чыгаруу) доо коюлганда; эгерде талашууга мыйзамда жол берилсе, карызкордун аткаруу документтерин сот тартибинде талашууга; администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү ишти кароого ыйгарым укуктуу органдардын же кызмат адамдарынын аракеттерине сотко даттануу берилген учурда; мыйзамда сот актысын же дагы башка органдын актысын аткарууну токтото туруу укугу берилген судья аныктама чыгарганда.

---

Мурунку берене: [408-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-408)  
Кийинки берене: [410-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-410)
