407-статья. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүндөгү тыныгуу жана аны калыбына келтирүү
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 45-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтү аны аткарууга берүү менен, ошондой эле карызкордун сот актысын же дагы башка органдын актысын жарым-жартылай аткарышы менен токтотула турат.
2. Эгерде мыйзам менен башкасы белгиленбесе, сот тарабынан таанылган жүйөлүү себептер боюнча аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберген өндүрүп алуучуга өткөрүп жиберилген мөөнөт калыбына келтирилиши мүмкүн.
3. Өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз аткаруу документтерин берген сотко берилет жана ушул Кодекстин 122-статьясында каралган тартипте каралат. Мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү соттун аныктамасына даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
407-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-407" title="407-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>