# 396-статья. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-396>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-396.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 396-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-396

---

1. Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кире злек экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.

Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген экономикалык иштер боюнча соттун чечимин кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык кассациялык сот ишин жүргүзүү тартибинде областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу ишке катышкан адамдар тарабынан биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу областтык соттун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясына берилет. Сот актын кабыл алган сот даттанууну ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иш менен бирге тиешелүү инстанцияга жөнөтөт.

2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларын көзөмөл тартибинде кайра кароо ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы же президиуму тарабынан жүзөгө ашырылат.

Көзөмөл тартибиндеги даттануулар ишке катышып жаткан адамдар тарабынан соттук актыны кабыл алган сот аркылуу экономикалык иш боюнча даттанылып жаткан соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Соттук актыны кабыл алган сот көзөмөл тартибинде даттанууну иш менен бирге ал келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна жөнөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [395-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-395)  
Кийинки берене: [397-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-397)
