Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
396-статья. Экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кире злек экономикалык иштер боюнча соттук актыларды кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
Райондор аралык соттор кабыл алган, мыйзамдуу күчүнө кирген экономикалык иштер боюнча соттун чечимин кайра кароо ушул Кодекстин III бөлүмүнө ылайык кассациялык сот ишин жүргүзүү тартибинде областтык соттордун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан жүзөгө ашырылат. Экономикалык иштер боюнча соттун чечимине даттануу ишке катышкан адамдар тарабынан биринчи инстанциядагы чечимди кабыл алган сот аркылуу областтык соттун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясына берилет. Сот актын кабыл алган сот даттанууну ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө иш менен бирге тиешелүү инстанцияга жөнөтөт.
2. Кыргыз Республикасынын сотторунун соттук актыларын көзөмөл тартибинде кайра кароо ушул Кодекстин IV бөлүмүндө каралган эрежелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы же президиуму тарабынан жүзөгө ашырылат.
Көзөмөл тартибиндеги даттануулар ишке катышып жаткан адамдар тарабынан соттук актыны кабыл алган сот аркылуу экономикалык иш боюнча даттанылып жаткан соттук акт мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет. Соттук актыны кабыл алган сот көзөмөл тартибинде даттанууну иш менен бирге ал келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна жөнөтүүгө милдеттүү.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-396" title="396-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>