# 395-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу. Соттун отурумундагы танапис

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-395>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-395.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 395-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-395

---

1. Ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле эгерде ишке катышуучу жакка карата сотто ал соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылгандыгы жөнүндө маалыматтар жок болсо, мындай жак соттун отурумуна келбеген учурда сот ишти кароону кийинкиге калтырат.

2. Соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруу ишти маани-мазмуну боюнча кароо үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт;

3. Соттук териштирүүнү үч күндөн ашык мөөнөткө кийинкиге калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал аркылуу ишке катышкан адамдар жаңы соттук отурумдун убактысы жана орду жөнүндө маалымдалат. Соттун отурумуна келген жактар жаңы отурум жөнүндө түздөн-түз соттун отуруму соттун отурумунун протоколуна кол койдуруу менен маалымдалат. Ишти карап чыгууну кийинкиге калтыруу жөнүндөгү аныктамага даттанылбайт.

4. Сот ишке катышып жаткан жактын өтүнүчү боюнча же өзүнүн демилгеси боюнча соттун отурумунда танапис жарыялай алат.

5. Соттун отурумундагы танапис үч күндөн ашпаган мөөнөткө жарыяланышы мүмкүн. Процесстин катышуучулары тыныгуудан кийин ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө соттун отурумунун протоколуна кол койдуруу менен маалымдалат.

6. Танапистен кийин соттун отуруму улантылат бул тууралуу төрага соттун отурумунда жарыялайт. Танаписке чейин иликтенген далилдерди, анын ичинде ишке катышып жаткан жактардын өкүлдөрү алмашкан учурда далилдерди кайра кароо жүргүзүлбөйт.

7. Ишке катышып жаткан жана танапис жарыяланганга чейин соттун отурумунун залында олтурган адамдар соттун отурумунун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет жана танапис аяктагандан кийин соттун отурумуна алардын келбей калышы аны улантуугажолтоо болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-394)  
Кийинки берене: [396-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-396)
