# 393-статья. Тиешелүү түрдө кабарлоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-393>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-393.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 393-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-393

---

1. Эгерде соттун отуруму, өзүнчө процесстик аракетти өткөрүү башталганга чейин сот адресат өзүнө жиберилген соттук актынын көчүрмөсүн алгандыгы жөнүндө маалыматка ээ болсо, ишке катышуучу жактар жана процесстин башка катышуучулары тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет.

2. Ишке катышуучу жактар жана процесстин дагы башка катышуучулары да тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет, эгерде:

1) адресат соттук актынын көчүрмөсүн алуудан баш тартса жана бул баш тартуу жазуу жүзүндө белгиленген болсо;

2) почта кабарламасына карабастан, адресат сот белгиленген тартипте жөнөткөн соттук актынын көчүрмөсүн алуу үчүн келбесе, бул жөнүндө байланыш органы сотко маалымдаган болсо;

3) юридикалык жак турган, сотко белгилүү болгон акыркы жерине, жеке ишкер жашаган жерге сот жөнөткөн соттук актынын көчүрмөсү көрсөтүлгөн даректе адресат жок болгондугуна байланыштуу тапшырылбаган болсо, бул тууралуу байланыш органы сотко маалымдаган болсо, ишке катышып жаткан жактар жана процесстин башка катышуучулары сот тарабынан тиешелүү түрдө кабарландырылды деп эсептелинет.

---

Мурунку берене: [392-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-392)  
Кийинки берене: [394-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-394)
