# 390-статья. Арызды кароосуз калтыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-390>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-390.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 390-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-390

---

1. Сот арызды ушул Кодекстин 223-224-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кароосуз калтырат:

1) эгерде мыйзамга дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болгон учурда доочу аны жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кредиттик мекемеге кайрылбаган болсо;

2) эгерде ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде каралган учурда доочу жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө жана мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаган болсо;

3) эгерде ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабар кылынган доочу же анын өкүлү соттун отурумуна келбесе же ишти анын катышуусуз кароо тууралуу билдирбесе.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага даттанылышы мүмкүн.

Соттун аныктамасында соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө, мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайра кайтаруу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [389-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-389)  
Кийинки берене: [391-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-391)
