390-статья. Арызды кароосуз калтыруу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Сот арызды ушул Кодекстин 223-224-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кароосуз калтырат:
1) эгерде мыйзамга дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же дагы башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болгон учурда доочу аны жоопкерден алуу үчүн банкка же дагы башка кредиттик мекемеге кайрылбаган болсо;
2) эгерде ушул категориядагы талаштар үчүн мыйзамда же келишимде каралган учурда доочу жоопкер менен талашты сотко чейин жөнгө салуу үчүн чара көрбөсө жана мындай жөнгө салуу мүмкүнчүлүгү жоготулбаган болсо;
3) эгерде ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабар кылынган доочу же анын өкүлү соттун отурумуна келбесе же ишти анын катышуусуз кароо тууралуу билдирбесе.
2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага даттанылышы мүмкүн.
Соттун аныктамасында соттук чыгымдарды тараптардын ортосунда бөлүштүрүү жөнүндө, мамлекеттик алымды толук же жарым-жартылай кайра кайтаруу жөнүндө маселелер чечилиши мүмкүн.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
390-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-390" title="390-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>