# 389-статья. Доо арызын кайра кайтаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-389>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-389.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 389-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-389

---

1. Судья доо арызын жана ага тиркелген документтерди ушул Кодекстин 136-статьясында көрсөтүлгөн негиздер боюнча, ошондой эле төмөндөгүдөй учурларда кайра кайтарат:

1) эгерде доо арыэынын ушул бөлүмдүн 386-387-статьяларында белгиленген формасы жана мазмуну сакталбаса;

2) эгерде доо арызына кол коюлбаса же кол коюуга укуксуз адам же кызмат абалы көрсөтүлбөгөн адам кол койсо;

3) эгерде доо арызынын көчүрмөлөрү ишке катышуучу жактарга жөнөтүлгөндүгүнүн жана тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;

4) эгерде белгиленген тартипте жана мөөнөттө мамлекеттик алым жана башка сот чыгымдары төлөнгөндүгүн тастыктаган түп нуска документтер берилбесе, ошондой эле мамлекеттик алымды төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү мыйзамда каралган, бул жөнүндө өтүнүч жок болгон же өтүнүч четке кагылган учурларда;

5) эгерде бир доо арызына бир же бир нече жоопкерге бир нече талаптар бириктирилгенде, бул талаптар бири-бири менен байланышпаганда;

6) эгерде мыйзамга, дагы башка ченемдик-укуктук актыга же келишимге ылайык карыз банк же башка кредиттик мекеме аркылуу алынууга тийиш болгон учурда аны жоопкерден алуу үчүн банкка же башка кредиттик мекемеге кайрылгандыгынын далилдери берилбесе;

7) эгерде доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыкканга чейин доочудан доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө арыз келип түшсө.

2. Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө судья аныктама чыгарат, ага даттанылышы мүмкүн.

Доо арызын кайра кайтаруу жөнүндө аныктама бузулган учурда бул арыз сотко алгачкы жолу кайрылган күнү берилди деп эсептелинет. Доо арызын кайра кайтаруу аны кайра кайтарууга негиз болгон жагдаайларды жойгондон кийин ошол эле талап менен жалпы тартипте кайра кайрылууга тоскоолдук кылбайт.

3. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган доо арызын кайра кайтаруу үчүн негиздер доо арызын кыймылсыз калтыруу үчүн негиз болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [388-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-388)  
Кийинки берене: [390-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-390)
