# 388-статья. Доо арызын кабыл алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-388>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-388.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 388-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-388

---

1. Доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө маселени доо арызы сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө судья жеке өзү чечет.

2. Судья доо арызын кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарат, аны менен иш сот ишин жүргүзүүгө кабыл алынат.

3. Аныктамада ишти соттун отурумунда териштирүүгө дайындоо, аны өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө көрсөтүлөт.

4. Доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө аныктаманын көчүрмөсү ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен ишке катышуучу жактарга жөнөтүлөт.

5. Доо арызын сот ишин жүргүзүүгө кабыл алуу жөнүндө аныктамага даттанылбайт.

---

Мурунку берене: [387-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-387)  
Кийинки берене: [389-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-389)
