# 354-статья. Ишти кароонун чектери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1509/st-354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 354-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-354

---

Ишти көзөмөл тартибинде караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку соту биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттор иште болгон материалдар боюнча укуктун ченемдерин даттануунун же талаптын жүйөлөрүнүн чектеринде туура колдонгондугун текшерет.

2. Мыйзамдуулуктун таламында Кыргыз Республикасынын Жогорку соту даттануунун, талаптын чегинен чыга алат.".

81. 356-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"356-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиялары ишти көзөмөл тартибинде карап чыгып, төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы сот актысын күчүндө, ал эми даттанууну же талапты канааттандыруусуз калтырууга;

2) иш боюнча мурда чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун чечимин өзгөртүүгө;

4) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бир бөлүгүн бузууга жана арызды кароосуз калтырууга же иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотууга;

5) биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттун чечимин бузууга жана эгерде иш боюнча далилдерди чогултуу же кошумча текшерүү талап кылынбаса, иштин жагдайы сот тарабынан толук жана туура аныкталса, бирок материалдык укук ченемдерин колдонууда ката кетирилсе, жаңы чечим чыгарууга:

6) биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сот актыларын бузууга жана иштин маани-мазмуну боюнча соттордун чечимдери болбосо, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана милдеттери тууралуу сот чечим кабыл алган болсо, ишти тиешелүү сотко өткөрүп берүүгө.".

82. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 356-1-статья менен толукталсын:

"356-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Президиумунун ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму ишти көзөмөл тартибинде карап чыгып, төмөндөгүлөргө укуктуу:

1) биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысын күчүндө, ал эми даттанууну же талапты канааттандыруусуз калтырууга;

2) иш боюнча мурда чыгарылган сот актыларынын бирин күчүндө калтырууга;

3) биринчи апелляциялык же кассациялык инстанциянын чечимин өзгөртүүгө;

4) биринчи же апелляциялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же анын бир бөлүгүн бузууга жана арызды кароосуз калтырууга же иш боюнча сот ишин жүргүзүүнү токтотууга;

5) биринчи же апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы соттун чечимин бузууга жана эгерде иш боюнча далилдерди чогултуу же кошумча текшерүү талап кылынбаса, иштин жагдайы сот тарабынан толук жана туура аныкталса, бирок материалдык укук ченемдерине колдонууда ката кетирилсе, жаңы чечим чыгарууга.

6) биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциядагы сот актыларын бузууга жана иштин маани-мазмуну боюнча соттордун чечимдери болбосо, ошондой эле ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана милдеттери тууралуу сот чечим кабыл алган болсо, ишти тиешелүү сотко жаңыдан кароого өткөрүп берүүгө.".

83. 358-статьяда:

статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "358-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун актылары"; 1-пунктта:

- биринчи абзацынын биринчи сүйлөмү "токтом" деген сөздөн кийин "же аныктама" деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзацынын биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Эгерде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомун же аныктамасын анын жалпы курамынын көпчүлүгү жактап добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелинет.";

2-пункттун 3 жана 8-пунктчалары "апелляциялык" деген сөздөн кийин "жана кассациялык" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомуна жана аныктамасына төрагалык кылуучу жана сот коллегиясындагы ишти кароого катышкан судьялар кол коюшат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунун токтомуна жана аныктамасына төрагалык кылуучу жана баяндамачы-судья кол коюшат.".

84. 359-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"359-статья. Көзөмөл инстанциясындагы соттун токтомунун мыйзамдуу күчүнө кириши

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын соттук курамдарынын же президиумунун токтому кабыл алынгандан кийин дароо күчүнө кирет, акыркы чечим болуп саналат, ага даттанылбайт жана Кыргыз Республикасынын аткаруу иши жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аткарылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтомунда камтылган көрсөтмөлөр ишти кайра караган сот үчүн милдеттүү болуп саналат.".

85. 362-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"362-статья. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актыларын кайра караган соттор

1. Биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөл инстанциясындагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча ал актыны кабыл алган сот тарабынан кайра каралат.

2. Соттун чечимин өзгөрткөн же жана чечим чыгарган көзөмөл инстанцнясынын соттук актыларын жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча кайра кароону чечимде өзгөрткөн же жаңы чечим чыгарган сот жүргүзөт.".

86. 370-статьяда:

1-пунктунда "жоопкер уюм" деген сөздөр "жоопкер-юридикалык жак" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 9, 10-пунктчалар менен толукталсын: "9) ар-намысты, абройду жана ишкердик беделин коргоо жөнүндөгү иш боюнча доочу Кыргыз Республикасында жашаса же жүрсө;

10) талаш Кыргыз Республикасынын аймагында чыгарылган баалуу кагаздарды жүгүртүү менен байланышкан мамилелерден улам келип чыкса.".

87. 371-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:

"5) патенттерди каттоо же берүү, товардык белгиге, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге күбөлүктөрдү каттоо же берүү же болбосо Кыргыз Республикасында каттоону же патентти же күбөлүктү берүүнү талап кылган интеллектуалдык иштин натыйжаларына башка укуктарды каттоо менен байланышкан.".

88. 379-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын:

"Чет тилде түзүлгөн документтер Кыргыз Республикасындагы сотко берилген учурда мамлекеттик же расмий тилдеги тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн котормо менен коштолууга тийиш.".

89. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 380-1-статья менен толукталсын:

"380-1-статья. Чет өлкөлүк укукту колдонуу

1. Чет өлкөлүк укук колдонулган учурда сот тиешелүү чет мамлекетте ушул ченемдердин чечмеленишине жана колдонулушунун практикасына ылайык алардын бар экендигин жана мазмунун белгилейт.

2. Чет өлкөлүк укуктун ченемдеринин бар экендигинин жана мазмунун белгилөө максатында сот тараптын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча көмөк көрсөтүүнү же түшүндүрүүнү суранып Кыргыз Республикасындагы же чет өлкөдөгү компетенттүү органдарга жана уюмдарга белгиленген тартипте кайрылып же адистерди тарта алат.

3. Эгерде бардык көрүлгөн чараларга карабастан, чет өлкөлүк укуктун ченемдеринин бар экендиги же мазмуну белгиленбесе, сот Кыргыз Республикасынын тиешелүү укуктун ченемдерин колдонот.".

90. Кодекс төмөндөгүдөй редакциядагы VI бөлүм менен толукталсын:

---

Мурунку берене: [337-18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-18)  
Кийинки берене: [382-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-382)
