# 337-7-статья. Судьянын кассациялык даттануу же талап алгандан кийинки аракеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 337-7-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-7

---

1. Ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө жана ушул Кодекстин 337-3-статьясынын тиешелүү талаптарына ылайык берилген кассациялык даттанууну же талапты алгандан кийин судья төмөндөгүлөргө милдеттүү:

1) ишке катышуучу жактарга даттануунун же талаптын жана ага тиркелген жазуу жүзүндөгү материалдардын көчүрмөлөрүн жиберүүгө;

2) ишке катышуучу жактарга иштин кассациялык инстанциядагы сотко жнберилген күнүн көрсөтүү менен ишке катышуучу тараптар берилген даттанууга же талапка өздөрүнүн каршы пикирин бере алгыдай кылып кабар берүүгө. Бул мөөнөт 10 жумуш күнүнөн ашык болушу мүмкүн эмес;

3) каршы пикирлерди алып келүү мөөнөтү аяктагандан кийин ишти областтык соттун кассациялык инстанциясына жиберүүгө.

2. Ишке катышуучу адамдар соттогу иштин материалдары жана берилген даттануулар жана талаптар менен таанышып чыгууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [337-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-6)  
Кийинки берене: [337-8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-8)
