337-6-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Кассациялык даттануу же талап төмөндөгүдөй учурларда даттануу же талап берген жакка кайра кайтарылат:
1) кыймылсыз калтырылган даттануудагы же талаптагы кемчиликтерди ондоо жөнүндөгү көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбаганда;
2) даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда, эгерде даттанууда же талапта өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү тууралуу өтүнүч камтылбаса. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып алты айдан ашпаган мөөнөткө сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу;
3) эгерде даттануу же талап даттануу же талап берүүгө укугу жок адам тарабынан берилсе;
4) даттануу же талап берген жактын арызы боюнча.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
337-6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-337-6" title="337-6-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>