Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
337-3-статья. Кассациялык даттануунун же талаптын мазмуну
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Кассациялык даттануу же талап төмөндөгүлөрдү камтууга тийиш:
1) даттануу же талап жөнөтүп жаткан соттун аталышы;
2) даттануу же талап берип жаткан жактын аталышы, анын жашаган же турган жери;
3) даттанылып жаткан чечим;
4) даттануунун же талаптын жүйөлөрү;
5) даттануу же талап берип жаткан жактын өтүнүчү;
6) даттанууга же талапка тиркелген документтердин тизмеги.
Даттануу берип жаткан жактын же талап берип жаткан прокурордун райондук сотто иликтөөнүн предмети болбогон жаңы далилдерди келтиришине жол берилбейт.
2. Кассациялык даттанууга же талапка даттануу же талап берип жаткан жак кол коет. Өкүл тарабынан берилген даттанууга, эгерде иште анын мындай ыйгарым укуктары жок болсо, өкүлдүн ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн ишеним кат же башка документ тиркелүүгө тийиш.
3. Кассациялык даттануу же талап жана аларга тиркелген документтер ишке катышкан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөрү менен берилет.
4. Даттанууга мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгүнүн далилдери тиркелет.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-337-3" title="337-3-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>