# 337-18-статья. Кассациялык инстанциялык соттун жекече аныктамасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 8-августунун №110 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 110
- Кабыл алынган күнү: 08.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1443/edition/769092/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө, 337-18-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-18

---

Ишти кассациялык тартипте караган сот ушул Кодекстин 227-статьясында каралган учурларда жекече аныктама чыгарууга укуктуу.".

72. 343-статьянын 2-пунктунда "доосу" деген сөз "арыздары" деген сөз менен алмаштырылсын.

73. 344-статьяда "үч жылдын" деген сөздөр "бир жылдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

74. 345-статьясынын 1-пунктундагы 4-пунктча төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) ишти биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанцияларда караган соттордун аталышын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мазмунун;".

75. 346-статьянын 2-пункту алып салынсын.

76. 348-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"348-статья. Ишти даттануулар жана талаптар боюнча көзөмөл тартибинде караган сот

1. Биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттор жарандык иштер боюнча чыгарган, мыйзамдуу күчүнө кирген актыларга даттануулар жана талаптар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму тарабынан каралат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунун ведомствосуна караштуу иштерди кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы апелляциялык же кассациялык тартипте областтык соттун сот коллегиялары тарабынан каралган иштер боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына даттануулар жана талаптар боюнча жарандык иштерди карайт.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму мамлекеттик бийликтин жогорку органдарынын ченемдик эмес актыларын талашуу жөнүндөгү администрациялык иштер, ошондой эле жарандык жана экономикалык иштер боюнча арыз берген учурда эң аз айлык акынын 50 миңден ашык бааланган доо жагындагы мыйзамдуу күчүнө кирген даттануулар жана талаптар боюнча жарандык иштерди карайт.

4. Эгерде райондук соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимине прокурордун көзөмөлдүк даттануусу же талабы областтык сот тарабынан каралбаса, андан даттануу же талап областтык соттун кассациялык инстанциясына кароо үчүн жиберилүүгө тийиш.",

77. 349-статья алып салынсын.

78. 350-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"350-статья. Соттун чечимин аткарууну токтото туруу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясынын соттук курамы жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму көзөмөлдүк даттануу же талап чечилгенге чейин соттун чечимин аткарууну токтото турууга укуктуу.".

79. 351-статьяда:

2, 3- жана 4-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Көзөмөл тартибиндеги даттануусу же талабы бар иштер келип түшкөн учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын орунбасары сот коллегиясынын соттук курамын түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт. Зарылчылык болгон учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы бир сот коллегиясынын судьяларын башка соттук коллегиянын курамындагы ишти кароого тарта алат.

3. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы же анын тапшыруусу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунун мүчөсү же болбосо Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы иши боюнча баяндама жасайт. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму караган учурда сот отурумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын тапшыруусу боюнча төрагалык кылуучунун милдеттери сот коллегияларынын төрагаларынын же президиумдун мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.

4. Ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясынын соттук курамы караган учурда соттун отурумуна Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы төрагалык кылат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын тапшыруусу боюнча төрагалыык кылуучунун милдеттери Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын төрагаларынын бирине же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясына жүктөлөт. Жарандык ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы караган учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы, же сот коллегиясынын төрагасы, же алардын тапшыруусу боюнча баяндамачы-судья иш боюнча баяндама жасайт.".

төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Ишке катышуучу, ишти кароо убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабар кылынган адамдардын соттун отурумуна келбей коюшу ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.".

80. 353 жана 354-статьялар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"353-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууларды жана талаптарды кароо мөөнөтү Көзөмөл тартибиндеги даттануу же талап иш менен бирдикте сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айлык мөөнөттө каралууга тийиш.

---

Мурунку берене: [337-17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-337-17)  
Кийинки берене: [354-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1509/st-354)
