337-11-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кароонун тартиби
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Кассациялык даттанууну же талапты караган учурда ушул Кодекстин III бөлүмүндө баяндалган эрежелер ушул главада каралган алып салуулары жана толуктоолору менен колдонулат.
2. Кассациялык даттануу же талап боюнча иш областтык соттун жарандык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясы тарабынан сот коллегиясынын үч сотунун курамында каралат.
3. Кассациялык инстанциядагы соттук териштирүү баяндамачы-судьянын иштин жагдайын жана чечимдин мазмунун, ошондой эле аларга карата кассациялык даттанууларды, талаптарды жана алар боюнча каршы пикирлерди баяндоосу менен башталат.
4. Баяндамачы-судьянын баяндамасынан кийин сот тараптардын даттанууда же талапта келтирилген жүйөлөрүн, ошондой эле жүйөлөргө каршы пикирлердин жүйөлөрүн негиздеген сөздөрүн угат.
Кассациялык инстанциядагы сот зарылчылык болгон учурда иштеги болгон далилдерди айтат, эгерде жаңыдан берилген далилдер тараптардын бири тарабынан биринчи инстанциядагы сотко берилиши мүмкүн деп эсептеле турган болсо, аларга да иликтөө жүргүзөт.
5. Соттун отурумунда соттун катчысы тарабынан жыйналыштын протоколу жазылат. Протоколго соттун отурумунда төрагалык кылуучу жана катчы кол коюшат.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
337-11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-337-11" title="337-11-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>