1-статья
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 3, 158-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 1-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын сотторунда жарандык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, "Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана аларга ылайык кабыл алынуучу Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдары менен аныкталат.
2. 2-статьяда:
2 жана 3-пункттар төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Апелляциялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кире элек сот актысына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун коллегиясына берилүүчү даттануу же талап. (3) Апелляциялык инстанция (экинчи инстанциядагы сот) - жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегияларынын жана биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кире элек актыларына карата апелляциялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык жана аларга теңештирилген соттор."; 3-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын: "(3-1) Жарандык иштер (ушул Кодекстин мааниси боюнча) - жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу таламдаш жактардын бузулган же талашылып жаткан укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо боюнча иштер, анын ичинде администрациялык жана экономикалык иштер."; 5-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 5-1 жана 5-2-пункттар менен толукталсын: "(5-1) Кассациялык даттануу - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан областтык соттун сот коллегиясына берилүүчү даттануусу же талабы; (5-2) Кассациялык инстанция - биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата кассациялык даттанууларды жана талаптарды карай турган областтык соттун сот коллегиясы"; 6-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын: "(6-1) Көзөмөл даттануусу - мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларына карата ишке катышкан жактар тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларына жана президиумуна берилүүчү даттануусу же талабы"; 7-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(7) Көзөмөл инстанциясы - процесске катышуучулардын даттануулары жана талаптары боюнча жергиликтүү соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларын карай турган Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму жана соттук коллегиялары"; 8-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын: "(8-1) Областтык сот - областтык жана аларга теңештирилген соттор (Кыргыз Республикасынын Аскер соту жана Бишкек шаардык соту)."; 10-пункттагы "каршы пикири" деген сөз "даттануусу" деген сөз менен алмаштырылсын; 12-пункттан кийин төмөндөгүдөй мазмундагы 12-1-пункт менен толукталсын: "(12-1) Райондук сот - райондук жана аларга теңештирилген соттор (эгерде ушул Кодексте башкасы белгиленбесе, шаардагы райондук сот, шаардык сот, гарнизондордун аскер соту, областтардын жана Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту)."; 14-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(14) Сот - жарандык иштер боюнча кандай гана болбосун сот, судья, сот коллегиясынын же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын соттук курамы, биринчи инстанция боюнча, апелляциялык тартипте, кассациялык тартипте, сот көзөмөлү тартибинде жарандык ишти карай турган президиум.";
3. 3-статьянын 1-пункту "менчигинин формасына карабастан" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын укуктарын жана таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын,; "ошондой эле" деген сөздөрдөн кийинки "мамлекеттик жана" деген сөздөр алып салынсын.
4. 6-статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.".
5. 8-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-статья. Жарандык иштерди жеке бир киши тарабынан жана коллегиалдуу кароо
1. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, райондук соттордо биринчи инстанция боюнча жарандык иштерди судья жеке өзү карайт.
2. Жарандык иштер областтык соттун сот коллегиясында апелляциялык жана кассациялык тартипте үч судьядан турган соттук курам тарабынан коллегиалдуу түрдө каралат.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотун да жарандык, администрациялык жана экономикалык иштерди көзөмөл тартибинде кароо үч судьядан турган сот коллегиясы жана президиум тарабынан каралат. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму тарабынан анын кеминде жети мүчөсүнүн курамында каралат.".
6. 12-статьяда:
2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жабык сот жыйналышын кино-фото сүрөткө тартууга, көрмө тасмага тартып алууга, радиодон жана теледен түз алып көрсөтүүгө, үндү жазып алууга соттун уруксаты менен гана жол берилет."; 3-пункттун экинчи сүйлөмүндөгү ", анын ичинде чечимди жарыялоого" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын. "Бул аныктамада жабык сот жыйналышына катышып жаткан адамдардын ишти кароодо ага белгилүү болуп калган маалыматтарды ачыкка чыгаруу үчүн жоопкерчилиги жөнүндө сот тарабынан эскертилгендиги тууралуу көрсөтүлөт."; 5-пункттагы "мыйзамдуу" деген сөз алып салынсын; 7-пунктта "Ушул статьянын 3-пунктунда каралгандан башка" деген сөздөр алып салынсын.
7. 14-статьяда:
1-пункт "чечим," деген сөздөн кийин "буйрук," деген сөз менен толукталсын; 3-пунктта "жүйөлүү себепсиз" деген сөздөр алып салынсын; 4-пункт "талашылып жаткан укуктарын" деген сөздөрдөн кийин "жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 15-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"15-статья. Соттун курамы
1. Эгерде мыйзамда башкасы каралбаса, ушул Кодекстин 8-статьясына ылайык биринчи инстанциядагы иштерди судьялар өздөрү жекече карашат. Ишти жеке өзү карап жаткан судья соттун атынан аракеттенет.
2. Областтык соттордогу жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер апелляциялык жана кассациялык тартипте жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынын курамында каралат.
3. Жарандык, администрациялык жана экономикалык иштер көзөмөл тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда жарандык иштер боюнча же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча сот коллегиясынын үч судьясынан турган соттук курамы же Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму тарабынан кеминде жети мүчөсү болгон учурда каралат.
4. Ишти караган учурда бардык судьялар бирдей укуктардан пайдаланышат".
9. 17-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасындагы "мыйзамдуу" деген сөз алып салынсын.
10. 18-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"18-статья. Судьянын ишти экинчи жолу кайра кароого катышуусуна жол берилбестиги
1. Биринчи инстанциядагы сотто ишти кароого катышкан судья ушул эле ишти башка инстанциялардагы кароого катыша албайт.
2. Жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайрадан караган учурларды кошпогондо, биринчи же апелляциялык, кассациялык инстанцияда каралган ишке катышкан судья ушул эле иш ушундай эле инстанцияда кайра каралганда катыша албайт.
3. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиумунда жарандык иштерди кароого катышуучу судьялар Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегияларынын соттук курамдарындагы иштерди кароого катышууга укуктуу.".
11. 19-статьяда:
статьянын аталышы "Эксперттен," деген сөздүн алдына "Прокурордон," деген сөз менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Ушул кодекстин 17-статьясынын 1-пунктунун 1 жана 3-пунктчаларында көрсөтүлгөн баш тартуу үчүн негиздер прокурорго да жайылтылат. Мында бул ишти прокурор катары мурдагы кароого прокурордун катышканы баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.".
12. 20-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Кодекстин 17, 18 жана 19-статьяларында көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда судья өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү. Ушул Кодекстин 17-статьясында жана 19-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайлар болгон учурда прокурор, эксперт, адис, котормочу, сот отурумунун катчысы өзалдынча баш тартуу билдирүүгө милдеттүү. Ишке катышкан башка жактар да ушундай эле негиздер боюнча баш тартуу билдириши мүмкүн.".
13. 21-статьяда:
5-пункт "Эксперттен," деген сөздүн алдына "Прокурордон," деген сөз менен толукталсын; 6-пунктта "ишке катышып жаткан жактардын бирине," деген сөздөр "прокурорго" деген сөз менен алмаштырылсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Баш тартуу же өзалдынча баш тартуу жөнүндөгү маселени кароонун натыйжасы боюнча сот тарабынан жүйөлүү аныктама чыгарылат.".
14. 23-статьянын 2-пунктунда:
2 жана 3-пунктчалардагы "арбитраждык соттордун компетенциясына тийиштүү ишкер жарандардын ишкердик жүргүзүүгө байланыштуу келип чыккан талаш-тартыштарынан" деген сөздөр алып салынсын; төмөндөгүдөй мазмундагы 9-пунктча менен толукталсын: "9) юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы жарандык, администрациялык жана дагы башка укуктук мамилелерде келип чыккан экономикалык талаштар боюнча иштерди. Ушул пункттун 9-пунктчасында каралган жарандык иштер ушул Кодексте каралган өзгөчөлүктөр менен жарандык сот иши тартибинде каралат."
15. 25-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын ведомствого караштуулугу
1. Бири жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча каралган, башкалары - экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча каралган бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптарды бириктирүүдө бардык талаптар, эгерде аларды ажыратып бөлүү мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин VI бөлүмүндө каралган экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.
2. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто ишти кароодо ушул иш ушул Кодекстин VI бөлүмүнүн эрежелери менен каралууга тийиш экендиги аныкталса, анда сот ишти экономикалык иштер боюнча жарандык сот иши жүргүзүү тартибинде кароо жөнүндө аныктама чыгарат.".
16. 26-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"26-статья. Жарандык иштердин соттордо каралууга тийиштүүлүгү
1. Гарнизондун аскер сотунда жана райондор аралык сотто каралууга тийиш болгон иштерди кошпогондо, райондук сотто (шаардагы райондук сотто, шаардык сотто) бардык жарандык иштер каралууга тийиш.
2. Гарнизондун аскер сотунда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчынын статусуна ээ болгон адамдардын бузулган жана (же) талашылып жаткан укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын коргоо жөнүндө, ошондой эле жыйын өтүү мезгилинде аскерге ммлдеттүүлөрдү аскердик башкаруу органдарынын, аскердик кызмат адамдарынын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аракеттеринен (аракетсиздигинен) коргоо боюнча жарандык иштер каралат.
3. Райондор аралык сот төмөндөгү иштерди карайт.
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун компетенциясына гана кирген учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, дагы башка органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамга ылайык келбеген жана жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан коргоого алынган таламдарын бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;
- прокурорлор тарабынан өздөрүнүн компетенциясынын чегинде чектелбеген чөйрөдөгү жактарга тиешелүү болгон жана жарандар менен юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндиктерин бузган ченемдик укуктук актыларды талашуу жөнүндөгү;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, алардын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик кызматчылардын ченемдик эмес актыларын, чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуулары жөнүндөгү;
- соттордун токтомдорунан бөлөк администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун талашуу жөнүндөгү;
- менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактарын юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик иш менен алектенген жана жекече ишкер статусуна ээ болгон жарандардын, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын ортосунда процесстик мыйзамга ылайык жарандык, администрациялык, салыктык, бажы жана башка укук мамилелеринен келип чыккан экономикалык талаштар боюнча;
- банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндөгү иштерден, жарандардын жана шайлоо процесстерине катышкан дагы башка катышуучулардын шайлоо укуктарын коргоо жөнүндө иштерден, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын жана алардын кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү иштерден, жарандык абалдын актыларына каттоо китебиндеги жазуулардын туура эместигин белгилөө жөнүндөгү иштерден, нотариус иштерин жасоого же аларды жасоодон баш тартууга карата арыздар боюнча иштерден бөлөк мыйзамда каралган дагы башка иштер.".
17. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 27-1-статья менен толукталсын:
"27-1-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу
1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары - райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш.
2. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндөгү иштерди кошпогондо, эгерде иш райондук сотто териштирилгенде ал райондор аралык сотко караштуу болуп калса, анда иш ушул Кодекстин 33-статьясынын 1-пунктунун эрежелери боюнча каралат.
3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти кароонун жүрүшүндө доогер өзүнүн талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот (кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө, иш сотко караштуулугу боюнча администрациялык жана экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотко жөнөтүлөт.".
18. 29-статьяда:
1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Жашаган жери, жүргөн жери белгисиз болгон же Кыргыз Республикасында жашаган жери жок болгон жоопкерге карата доолор Кыргыз Республикасындагы анын мүлкүнүн жайгашкан жери боюнча же акыркы белгилүү болгон жашаган жери, же жүргөн жери боюнча коюлушу мүмкүн.".
19. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 32-1-статья менен толукталсын:
"32-1-статья. Талаштарды бейтарап соттун чечишине өткөрүп берүү Сотко таандык талаш тараптардын макулдашуусу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда чечим кабыл алынганга чейин биринчи инстанциядагы сот тарабынан бейтарап соттун кароосуна өткөрүп берилиши мүмкүн.".
20. 33-статьяда:
Статьянын 2-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1) жашаган жери же жүргөн жери мурда белгисиз болгон жоопкерге ишти анын жашаган жери же жүргөн жери боюнча сотко өткөрүп берүүнү өтүнсө, анда ушул өтүнмө сот тарабынан канааттандырылат.".
21. 36-статья "Жарандык" деген сөздөн кийин "процесстик" деген сөз менен толукталсын.
22. 38-статьянын 4-пунктунда "коммуналдык түзүлүштөр" деген сөздөр "жергиликтүү жамааттар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
23. 42-статьяда "иштин маңызы боюнча каралуусу башталганга чейин" деген сөздөр "иш боюнча чечим чыгарылганга чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
24. 43-статьянын 1-пунктундагы биринчи сүйлөмдүн кыргызча варианты туура берилген.
25. 45-статьяда:
1-пунктта "доо" деген сөз "арыз" деген сөз менен алмаштырылсын; 2-пункттун биринчи жана экинчи сүйлөмдөрүндө "доо" деген сөз "арыз" деген сөз менен алмаштырылсын; 3-пункттун биринчи сүйлөмүндө "Доо койгон" деген сөздөр "Арыз менен кайрылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; үчүнчү сүйлөм "келбесе," деген сөздөн кийин "же башка жактардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузбаса," деген сөздөр мекен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Прокурор үйдөн чыгарып салуу, ишине кайра коюу жөнүндөгү, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруунун жана кызмат адамдарынын чечимдерин жана аракеттерин (аракетсиздигин) талашуу жөнүндөгү, мамлекеттик мүлктү камакка алуудан бошотуу жөнүндөгү иштерде, ошондой эле башка учурларда өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу максатында чыгып сүйлөйт. Иш карала турган жер жана убактысы жөнүндө кабардар болгон прокурордун келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болуп саналбайт.".
26. 53-статьянын аталышындагы жана текстиндеги тиешелүү жөндөмөдөгү "коммуналдык түзүлүштөрдүн" деген сөздөр тиешелүү түрдө "жергиликтүү жамааттардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын".
27. 55-статьянын 1-пункту "органдардын" деген сөздөн кийин "жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.
28. 57-статьяда:
1-пункт "Өкүлдүн ыйгарым укуктары" деген сөздөр ", өкүлдүн мыйзамдан тышкаркы ыйгарым укуктары" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Прокурордун ыйгарым укуктары анын кызматтык абалын күбөлөндүрүүчү документ менен тастыкталат.".
29. 58-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Өкүлдүн мыйзамдан тышкаркы укуктары, доо арызына же доо арызына каршы пикирге, доону камсыз кылуу жөнүндөгү арызга кол коюу, ишти бейтарап сотко өткөрүп берүүгө, иштин болгон жагдайы боюнча макулдашуу түзүүгө, жаңы ачылган жагдайлар боюнча сот актыларын кайра кароо жөнүндөгү арызга кол коюу укугу, ошондой эле өкүлдүн ишти аксакалдар сотуна өткөрүп берүү укугу, доо талаптарынан толук же жарым-жартылай баш тартууга, доону таанууга, доонун жүйөсүн жана негиздерин өзгөртүүгө, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарын башка жакка өткөрүп берүүгө (кайра ишенип берүүгө), сот актысына карата даттанууга, аткаруу документин өндүрүп алуу үчүн берүүгө, сот аркылуу бөлүнгөн мүлктү же акчаны алууга карата укуктары өкүлү болуп жаткан жак тарабынан берилген ишеним катта атайын айтылууга тийиш.".
30. 63-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Ишке катышып жаткан жак тарабынан берилүүчү далилдер сот тарабынан иштин материалдарына тиркелет.".
31. 75-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4. Чет мамлекетте алынган документ, эгерде ал белгиленген тартипте мыйзамдаштырылган болсо, сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат. Чет өлкөлүк расмий документтер Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде каралган учурларда мыйзамдаштыруусуз эле мыйзамда белгиленген тартипте сотто жазуу жүзүндөгү далил деп таанылат.".
32. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 94-1-статья менен толукталсын:
"94-1-статья. Комплекстүү экспертиза
1. Эгерде иш боюнча жагдайды аныктоо бир эле учурда билимдин ар кандай тармактарын пайдалануу менен же билимдин бир тармагынын алкагында ар кандай илимий багыттарды пайдалануу менен изилдөө жүргүзүүнү талап кылса, анда сот тарабынан комплекстүү экспертиза дайындалат. Комплекстүү экспертиза бир нече эксперттерге тапшырылат.
2. Комплекстүү экспертизанын корутундусунда ар бир эксперт кандай изилдөөлөрдү кандай көлөмдө жүргүзгөндүгү жана кандай жыйынтыкка келгендиги көрсөтүлүүгө тийиш. Ар бир эксперт корутундунун өзүнүн изилдөөлөрүн камтыган бөлүгүнө жана жалпы жыйынтыкка кол коет. Эксперттердин арасында пикир келишпестиктер болгон учурда изилдөөлөрдүн натыйжалары ушул Кодекстин 94-статьясынын 3-пунктунун эрежелери боюнча жол-жоболоштурулат.".
33. 98-статьяда:
1-пункт "апелляциялык" деген сөздөн кийин ", кассациялык" деген сөз менен толукталсын; 2-пункттун 6-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "6) апелляциялык, кассациялык даттануулардан жана көзөмөл тартибиндеги даттануулардан, ошондой эле экономикалык иштер боюнча даттануулардан сот ишин жүргүзүүнү токтотуу жөнүндө, доону кароосуз калтыруу жөнүндөгү жана соттук айып акы салуу жөнүндөгү аныктамаларга карата;"; 2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы 7, 8 жана 9-пунктчалар менен толукталсын: "7) банкрот (кудуретсиз) деп таануу жөнүндө арыздардан;
8) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндөгү арыздардан;
9) бейтарап соттун, эларалык соттун, чет өлкөлүк соттун, эларалык бейтарап (арбитраждык) соттун, чет өлкөлүк (арбитраждык) бейтарап соттун, жарашуу макулдашуусунун жана аткаруу баракчасын берүүдөн баш тартуу жөнүндөгү чечимдерин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө соттун аныктамасына апелляциялык, кассациялык даттануулардан жана көзөмөл тартибиндеги даттануулардан.".
34. 100-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 11 жана 12-пунктчалар менен толукталсын:
"11) өндүрүп алуу талашсыз (акцептсиз) тартипте жүргүзүлүүчү аткаруу баракчасынын же башка документтин тиешелүү эмес түрдө аткарылгандыгын таануу жөнүндө доолордо - талашылып жаткан суммадан келип чыгуу менен;
12) келишим түзүп жатканда, өзгөрткөндө же бузган учурда келип чыккан талаштар боюнча, ошондой эле мыйзамга ылайык бүтүмдү анык эмес деп таануу жөнүндөгү талаштар боюнча доолордо.".
35. 102-статьянын 3-пункту "төлөөдөн" деген сөздөн кийин "толук же жарым-жартылай" деген сөздөр менен толукталсын.
36. 104-статья 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) сот актысын кайра кароо жана даттанылып жаткан сот актысын жокко чыгаруу жөнүндөгү даттануу канаатандырылганда".
37. 109-статьясы 2-пунктунда "апелляциялык" деген сөздөн кийин ", кассациялык" деген сөз менен толукталсын;
38. 122-статьяда:
2-пункттун биринчи сүйлөмү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибиндеги иштерди кошпогондо, өтүп кеткен процесстик мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндөгү арыз биринчи инстанциядагы сотко берилет жана соттун отурумунда каралат.". 5-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Ушул Кодекстин 344-статьясында каралган даттанууну же талапты киргизүү мөөнөтү, эгерде даттануу же талапта белгиленген мөөнөттү сактоо менен берилип, бирок ал боюнча иш маани-мазмуну боюнча каралбаган болсо, калыбына келтирилиши мүмкүн.".
39. 134-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"134-статья. Доо арызын кабыл алуу Сот арыз түшкөн учурдан баштап жети күндүк мөөнөттө, ал эми психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу менен байланышкан иштер боюнча арыз түшкөндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот ишине кабыл алуу жөнүндөгү маселени кароого милдеттүү. Доо арызын кабыл алуу жөнүндө сот аныктама чыгарат. Ушул Кодекс менен арызды сот ишине кабыл алуунун башка мөөнөттөрү да каралышы мүмкүн.".
40. 135-статьянын 1-пунктунда:
2-пунктча "соттун" деген сөздөн кийин", бейтарап соттун" деген сөздөр менен толукталсын; пункт төмөндөгүдөй мазмундага 3-пунктча менен толукталсын: "3) эгерде тараптардын ортосунда талаш-тартышты бейтарап соттун кароосуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүлгөн болсо, мындай макулдашуу жараксыз болгон, күчүн жоготкон же аны аткаруу мүмкүн болбогон учурларды кошпогондо.".
41. 136-статьянын 1-пунктунун 6-пунктчасында "соттун" деген сөздөн кийин ", бейтарап соттун" деген сөздөр менен толукталсын.
42. 137-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Бул статьянын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүгө жайылтылбайт.".
43. 141-статьянын 1-пунктунун 1-пунктчасы төмөндөгүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Акча каражаттарын камакка алуу доо суммасынын жана соттук чыгымдардын чектеринде салынат.".
44. 155-статьяда:
2-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлап жаткыруу жөнүндөгү иштер иш козголгон күндөн тартып беш күндөн кечиктирилбестен сот тарабынан каралат жана чечилет.". 3-пункттагы "Мыйзамдарда" деген сөз "Ушул Кодексте жана мыйзамдарда" деген сөз менен алмаштырылсын.
45. 174-статья төмөндөгүдөй мазмундагы 6-пункт менен толукталсын:
"6. Ыктыярдуу түрдө аткарылбаган жарашуу макулдашуусу таламдаш тараптын арызы боюнча сот тарабынан берилген аткаруу баракчасынын негизинде мажбурлап аткартылат.".
46. 193-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй маэмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 45-статьясынын 3-пунктунда көрсөтүлгөн иштер боюнча сөз сүйлөгөн прокурор соттогу жарыш сөздө биринчи болуп сүйлөйт.".
47. 201-статьянын 6-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Доо жоопкер тарабынан таанылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө доонун таанылгандыгы жана анын сот тарабынан кабыл алынгандыгы гана көрсөтүлүшү мүмкүн. Доо мөөнөтүнүн же сотко кайрылуу мөөнөтүнүн өткөрүп жиберилишинин себептери жүйөсүз экендигине байланыштуу доодон баш тартылган учурда соттун чечиминин жүйөлөштүрүү бөлүгүндө сот тарабынан аныкталган ушул жагдай жөнүндө гана көрсөтүлөт. Никени бузуу жөнүндөгү иш боюнча соттун чечими киришүү жана резолюциялык бөлүктөрдөн гана турушу мүмкүн.".
48. 202-статьяда "банктагы" деген сөздөн кийин "(ал бар болгондо)" деген сөздөр менен толукталсын.
49. 203-статьянын 3-пунктунун экинчи сүйлөмүндөгү "жүйөлүү себептерсиз" деген сөздөр алып салынсын.
50. 205-статьяда:
аталышы "чыгаруу" деген сөздөн кийин "жана жарыялоо" деген сөз менен толукталсын. 2-пунктта: биринчи сүйлөм "Жүйөлүү чечим" деген сөздөн мурда "Жазуу жүэүндөгү" деген сөздөр, "соттун" деген сөздөн кийин "чечими жазуу жүзүндө түзүлүшү жана" деген сөздөр; экинчи сүйлөм "өкүлдөрү" деген сөздөн кийин "акыркы (жазуу жүзүндөгү)" деген сөздөр менен толукталсын.
51. 212-статьяда "жөнүндөгү" деген сөздөн кийин "ушул Кодекс жана" деген сөздөр менен толукталсын; "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган дароо аткаруу учурларынан тышкары," деген сөздөр алып салынсын.
52. 213-статья алып салынсын.
53. 214-статьяда "дароо аткаруу керек болбогон" деген сөздөр алып салынсын.
54. 215-статьяда "сот отурумуна келбеген," деген сөздөр алып салынсын.
55. 221-статьяда:
2-пунктча "сотсуз" деген сөздөн кийин "же сотко чейинки" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пунктча төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "6) эгерде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча аксакалдар соту чечим чыгарса;"; 7-пунктча "жаран" деген сөздөн кийин "жекече ишкер" деген сөз менен толукталсын"; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 10 жана 11-пунктчалар менен толукталсын: "10) ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча бейтарап сот чечим чыгарса;
11) эгерде биринчи инстанциядагы сот тарабынан чечим кабыл алынганга чейин тараптар талашты бейтарап сотуна берүү жөнүндө макулдашуу түзүшсө.".
56. 223-статьянын 4-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) эгерде ушул же башка соттун бейтарап соттун сот ишинде ошол эле тараптардын ортосундагы талаш боюнча, ошол эле предмет жөнүндө жана ошол эле негиздер боюнча мурда козголгон иши бар болсо;".
57. 234-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.".
58. 246-статьяда:
2-пункт "иши жөнүндө" деген сөздөн кийин "ушул Кодексте жана" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Ушул главанын талаптары администрациялык жана экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүү тартибинде каралуучу иштерге жайылтылбайт.".
59. 270-статьянын 1-пунктунун 5-пунктчасында "коммуналдык менчик" деген сөздөр "муниципалдык менчик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
60. 34-главанын аталышындагы жана бүткүл текстиндеги "коммуналдык менчик" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "муниципалдык менчик", "муниципалдык мүлк" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
61. III бөлүмдүн аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"III бөлүм. Биринчи инстанциядагы соттордун мыйзамдуу күчүнө кирген жана кирбеген актыларын кайра кароо боюнча сот иши".
62. 315-статьяда:
1-пунктта "апелляциялык тартипте" деген сөздөрдөн кийин "областтык соттун сот коллегиясына" деген сөздөр менен толукталсын; 2-пунктта "доосу" деген сөз "арыздары" деген сөз менен алмаштырылсын.
63. 318-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"318-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты карай турган соттор Райондук соттордун чечимдери апелляциялык тартипте областтык соттордун сот коллегияларына даттанылышы мүмкүн.".
64. 321-статьянын 2-пунктчасы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) даттануу мөөнөтүнүн өтүп кетиши;".
65. 327-статьяда:
1-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Апелляциялык даттануу же прокурордун талабы иш келип түшкөн учурда соттун төрагасы же анын орунбасары сот коллегиясынын соттук курамын түзөт жана иш боюнча төрагалык кылуучуну жана баяндамачы-судьяны аныктайт. Соттун төрагасы зарыл болгон учурда бир сот коллегиясынын судьясын башка сот коллегиясынын курамындагы ишти кароого тарта алат.". 3-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Сот отурумунун дайындалгандыгы жөнүндө областтык соттун сот коллегиясынын соттук курамы тарабынан аныктама чыгарылат, анда ишке катышуучу кабардар кылынууга тийиш болгон жактар, ошондой эле соттун отурумуна чакырыла турган адамдар көрсөтүлөт.".
66. 328-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Ишке катышуучу жана ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырылбаган адамдардын кимдирбирөөсү соттун отурумуна келбей калган учурда сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Ишке катышкан жана ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу тиешелүү түрдө кабарландырылган адамдардын келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болбойт.".
67. 329-статьянын 3, 4, 5-пункттары төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Ишке катышкан адамдардын түшүндүрмөлөрүн угуп, сот далилдерди иликтөөгө өтөт. Далилдерди иликтөө биринчи инстанциядагы соттор үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
4. Апелляциялык инстанциядагы сот зарыл болгон учурда иште болгон далилдерди жарыя кылат, ошондой эле жаңы берилген далилдерди иликтейт.
5. Тараптар кошумча күбөлөрдү чакыртуу жана суракка алуу жөнүндө, биринчи инстанциядагы сот тарабынан изилдөөдөн баш тартылган башка далилдерди талап кылуу жөнүндө өтүнүч билдирүүгө укуктуу.".
68. 331-статьянын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"331-статья. Апелляциялык даттанууну жана талапты караган учурдагы областтык соттун сот коллегиясынын ыйгарым укуктары"; 4-пунктча алып салынсын.
69. 334-статья алып салынсын.
70. 335-статьяда:
1-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Сот коллегиясынын чечими же аныктамасы кеңешүү бөлмөсүндө ачык добуш берүү менен кабыл алат. Судьялардын добуш берүүдө калыс болууга же катышпай калууга укугу жок. Соттун отурумунда төрагалык кылуучу акыркы болуп добуш берет.". 2-пункт төмөндөгүдөй редакдияда баяндалсын: "2. Апелляциялык инстанциядагы соттун актылары ушул Кодекстин 205-статьясында каралган тартипте чыгарылат жана жарыя кылынган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, бирок көзөмөл тартибинде жарандык же администрациялык жана экономикалык иштер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун сот коллегиясы тарабынан кайра каралышы мүмкүн. Ушул Кодекстин 348-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда мыйзамдуу күчүнө кирген акт апелляциялык тартипте көзөмөл иретинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун президиуму тарабынан кайра каралышы мүмкүн.".
71. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 39-1-глава менен толукталсын: "39-1-Глава Соттун чечимин кассациялык тартите кайра кароо
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (3)
- Жарандык процесстик кодексиКодекс · 29.12.1999 · № 146 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндөЗакон · 18.07.2003 · № 153 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1509/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын Жарандык процессттик кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>