# 99-статья. Кызматкердин демилгеси боюнча жумуш убактысын ченемдүү узактыгынан тышкаркы иш (айкаштырып иштөө)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 10-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-99>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-99.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 99-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-99

---

Кызматкердин арызы боюнча иш берүүчү ошол эле уюмда башка кесипте, адистикте же кызмат орунунда жумуш убактысын ченемдүү узактыгынан тышкары ички айкалыштырып иштөө тартибинде бөлөк эмгек келишими менен ага иштөөгө уруксат берүүгө укугу бар. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкача каралбаса, кызматкер башка иш берүүчү менен тышкы айкалыштырып иштөө шартында иш аткаруу үчүн эмгек келишимин түзүүгө укугу бар. Жумуш убактысын ченемдүү узактыгынын чегинен тышкары иштөө күнүнө 4 сааттан жана жумасына 20 сааттан ашпоого тийиш. Ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралгандан башка учурларда, жумуш убактысынын узактыгы кыскартылгандыгы белгиленгенде ички айкалыштырып иштөөгө уруксат берилбейт.

---

Мурунку берене: [98-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-98)  
Кийинки берене: [100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-100)
