93-статья. Толук эмес жумуш убактысы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Кызматкердин жана иш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуусу боюнча ишке кабыл алууда, ошондой эле андан кийин да толук эмес жумуш күнү же толук эмес иш жумасы белгилениши мүмкүн. Иш берүүчү кош бойлуу аялдын, 14 жашка чейинки баласы бар (18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала) ата-энелердин (камкорчу, көзөмөлчү) биринин, ошондой эле медициналык корутундуга ылайык үй-бүлө мүчөлөрүндө ооругандарды баккан адамдын өтүнүчү боюнча толук эмес жумуш күнүн же толук эмес иш жумасын белгилөөгө милдеттүү. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарында иштегенде кызматкерге эмгек акы иштеген убактысына пропорционалдуу же иштеп чыккандарына жараша төлөнөт. Толук эмес жумуш убактысынын шарттарындагы иш кызматкерлер үчүн акы төлөнүүчү ар жылдык негизги өргүүсүнүн узактыгына, эмгек стажын эсептөөгө жана башка эмгектик укуктарына кандайдыр бир чектөөлөрдү пайда кылышы мүмкүн эмес.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
93-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Приказ Минсоцтруда КР от 23 мая 2006 года № 147 "О Разъяснениях к Правилам исчисления среднего размера оплаты труда"Приказ · 23.05.2006 · № 147 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-93" title="93-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>