# 88-статья. Тараптардын эркинен тышкаркы жагдайлар боюнча эмгек келишимин токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 9-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 88-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-88

---

Тараптардын эркинен тышкары эмгек келишими төмөнкүдөй жагдайлар боюнча токтотулууга тийиш:

1) кызматкер аскердик же аны алмаштыруучу альтернативдик кызмат өтөөгө чакырылгандыгына, ошондой эле күйөөсү (аялы) башка жерге кызматка которулгандыгына байланыштуу;

2) кызматкер мурда аткарган иш эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же соттун чечими боюнча калыбына келтирилсе;

3) ишке алуунун белгиленген эрежелери бузулса;

4) кызматкерди мыйзамдуу күчүнө кирген сот өкүмүнө ылайык мурдагы ишин улантууга мүмкүн болбогон жазага тартышса;

5) шайлануучу кызматка шайланбай калса;

6) кызматкердин же иш берүүчүнүн - жеке жактын өлүмү, ошондой эле кызматкер же иш берүүчү - жеке жак сот тарабынан өлдү же дайынсыз жоголду деп таанылганда;

7) эмгек мамилелерин улантууга кедерги болуучу өзгөчө жагдайлардын (согуш аракети, кыйроо, табигый кырсыктар жана башка өзгөчө жагдайлар) келип чыгышы, эгерде мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен таанылса.

Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн негиз боюнча, эгерде кызматкер анын макулдугу менен башка ишке которууга мүмкүн болбосо, эмгек келишимин токтотууга жол берилет.

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-89)
