72-статья. Өндүрүштүк зарылдыкка байланыштуу башка ишке убактылуу которуу
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 8-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Өндүрүштүк зарылдык болгон учурларда иш берүүчү кызматкерлерди 1 айга чейинки мөөнөткө ошол эле уюмдагы же башка уюмдагы, бирок ошол эле жердеги ишке аткарылган иш боюнча эмгек акысы менен, бирок мурдагы ишиндеги орточо эмгек акысынан төмөн эмес шартта эмгек келишиминде шартталбаган ишке которууга укуктуу. Мындай которууга кыйроолорду, өндүрүштүк аварияларды болтурбоо же кыйроолордун, авариялардын же бөөдө кырсыктын кесепеттерин четтетүү; бөөдө кырсыктарды болтурбоо, мүлктү жок кылуу же бузуу жана башка өзгөчө учурларда жол берилет. Мында кызматкер ден соолугунун абалына залал келтирген ишке которулууга тийиш эмес. Убактылуу которуштуруу буйрук (тескеме, токтом) менен жол-жоболоштурулат, аны иш берүүчү кызматкерге кол койдуруу аркылуу жарыялайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
72-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-72" title="72-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>