# 6-статья. Эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктун актыларынын колдонулушу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 1-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112323)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.11.2021 [Закон КР от 29 ноября 2021 года № 142 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в рамках защиты прав участников уголовного судопроизводства"](https://aqlex.ai/kg/doc/112323); 26.06.2018 [Закон КР от 26 июня 2018 года № 62 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111802); 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 162 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с реформированием системы правоохранительных органов в целях обеспечения эффективной борьбы с коррупцией и преступлениями в сфере экономики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111669); 30.05.2016 [Закон КР от 30 мая 2016 года № 76 "О внесении изменений в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111355); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 12.10.2009 [Закон КР от 12 октября 2009 года № 260 "О внесении дополнения в Трудовой кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203203); 07.08.2007 [Закон КР от 7 августа 2007 года №136 " О внесении дополнения в трудовой кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/202169)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505#diff=1220606..1220607>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 6-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-6

---

Ушул Кодекс, эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар иш берүүчү менен эмгек келишимин түзүшкөн бардык кызматкерлерге жайылтылат. Ушул Кодекс, эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар бардык иш берүүчүлөр (юридикалык жана жеке жактар) үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонуу үчүн милдеттүү. Иш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосундагы эмгек мамилелери иш жүзүндө жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер менен жөнгө салына тургандыгы сот тартибинде белгиленген учурларда, мындай мамилелерге карата эмгек мыйзамдарынын жоболору колдонулат. Чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга карата ушул Кодексти колдонуунун өзгөчөлүктөрү ушул Кодекстин 7-статьясы жана эмгектик укук ченемдерин камтуучу башка мыйзамдар менен аныкталат. Кызматкерлердин айрым категорияларынын (уюмдардын жетекчилери, мамлекеттик жарандык кызматчылары жана муниципалдык кызматчылары, айкалыштыруу боюнча иштеген адамдар, аялдар, жаштар жана башкалар) эмгегин укуктук жактан жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү ушул Кодекс жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленет. Жазык сот өндүрүшүнө катышуучулардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды колдонуунун алкагында адамдардын эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. Ушул Кодекс, эмгектик укук ченемдерин камтуучу мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар төмөнкүдөй адамдарга: ушул Кодекстин 427-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, аскердик кызмат милдеттерин аткаруу учурунда аскер кызматчыларына; ички иштер органдарынын катардагы жана жетекчи курамынын адамдарына; жазык-аткаруу системасынын жана башка укук коргоо органдарынын; уюмдардын (ошол уюм менен эмгек келишимин түзгөн адамдарды кошпогондо) директорлор кеңештеринин (байкоочулар кеңештеринин) мүчөлөрүнө; жарандык-укуктук мүнөздөгү келишимдер боюнча (подряд, тапшырма жана башка) иштеген адамдарга; мыйзамда белгиленген учурларда башка адамдарга (эгерде ушул Кодексте белгиленген тартипте алар бир эле учурда иш берүүчүлөр же алардын өкүлдөрү катарында чыкпаса) колдонулбайт. Эскертүү. Укук коргоо органдары деп ички иштер, улуттук коопсуздук, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча, жазык-аткаруу системасы, прокуратура, бажы кызмат органдары, сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу салык кызматынын органдары түшүнүлөт. (КР 2007-жылдын 7-августундагы № 136, 2009-жылдын 12-октябрындагы № 260, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2016-жылдын 30-майындагы № 76, 2017-жылдын 28-июлундагы № 162, 2018-жылдын 26-июнундагы № 62, 2021-жылдын 29-ноябрындагы № 142, 2022-жылдын 18-январындагы №4 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-7)
