# 441-статья. Иш таштоо өткөрүүгө байланыштуу кызматкерлердин кепилдиктери жана укуктук абалы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-441>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-441.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 441-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-441

---

Ушул Кодекстин 440-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык иш таштоону токтотуу милдеттери аткарылбаган учурлардан тышкары кызматкердин иш таштоого катышуусу эмгек тартибин бузууга жана эмгек келишимин жокко чыгарууга негиз катары каралууга тийиш эмес. Ушул Кодекстин 440-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары тартиптик жоопкерчилик чаралары иш таштоого катышкан кызматкерге карата колдонулууга тыюу салынат. Иш таштоо учурунда ага катышкан кызматкерлердин иштеген жумушу жана кызмат орундары сакталат. Иш берүүчү жумуштун (кызмат көрсөтүүнүн) милдеттүү эң азын аткарган кызматкерлерден тышкары, алардын иш таштоого катышкан мезгили үчүн эмгек акыны кызматкерге төлөп бербөөгө укугу бар. Жамааттык келишим, макулдашуу же жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар менен иш таштоого катышкан кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү берүү каралышы мүмкүн. Иш таштоого катышпаган кызматкерлерге, бирок анын өткөрүлүшүнө байланыштуу өзүнүн жумушун аткарууга мүмкүнчүлүктөрү болбогон жана ага байланыштуу башталган жумушу токтолгондугу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирген кызматкерге жумушу токтогондугу үчүн күнөөсү жок болгондуктан, акы төлөп берүү ушул Кодексте каралган тартипте жана өлчөмдө жүргүзүлөт. Иш берүүчү ушул Кодексте каралган тартипте аталган кызматкерлерди башка жумушка которууга укугу бар. Жамааттык келишим, макулдашуу же жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар менен ушул Кодексте каралгандагыга караганда иш таштоого катышкан кызматкерлерге төмөндөгүлөрдүн кыйла жеңилдетилген тартиби каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [440-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-440)  
Кийинки берене: [442-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-442)
