441-статья. Иш таштоо өткөрүүгө байланыштуу кызматкерлердин кепилдиктери жана укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Ушул Кодекстин 440-статьясынын төртүнчү бөлүгүнө ылайык иш таштоону токтотуу милдеттери аткарылбаган учурлардан тышкары кызматкердин иш таштоого катышуусу эмгек тартибин бузууга жана эмгек келишимин жокко чыгарууга негиз катары каралууга тийиш эмес. Ушул Кодекстин 440-статьясынын төртүнчү бөлүгүндө каралган учурлардан тышкары тартиптик жоопкерчилик чаралары иш таштоого катышкан кызматкерге карата колдонулууга тыюу салынат. Иш таштоо учурунда ага катышкан кызматкерлердин иштеген жумушу жана кызмат орундары сакталат. Иш берүүчү жумуштун (кызмат көрсөтүүнүн) милдеттүү эң азын аткарган кызматкерлерден тышкары, алардын иш таштоого катышкан мезгили үчүн эмгек акыны кызматкерге төлөп бербөөгө укугу бар. Жамааттык келишим, макулдашуу же жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар менен иш таштоого катышкан кызматкерлерге компенсациялык төлөмдөрдү берүү каралышы мүмкүн. Иш таштоого катышпаган кызматкерлерге, бирок анын өткөрүлүшүнө байланыштуу өзүнүн жумушун аткарууга мүмкүнчүлүктөрү болбогон жана ага байланыштуу башталган жумушу токтолгондугу жөнүндө жазуу жүзүндө билдирген кызматкерге жумушу токтогондугу үчүн күнөөсү жок болгондуктан, акы төлөп берүү ушул Кодексте каралган тартипте жана өлчөмдө жүргүзүлөт. Иш берүүчү ушул Кодексте каралган тартипте аталган кызматкерлерди башка жумушка которууга укугу бар. Жамааттык келишим, макулдашуу же жамааттык эмгек талаш-тартыштарды чечүүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар менен ушул Кодексте каралгандагыга караганда иш таштоого катышкан кызматкерлерге төмөндөгүлөрдүн кыйла жеңилдетилген тартиби каралышы мүмкүн.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
441-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-441" title="441-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>