# 440-статья. Мыйзамсыз иш таштоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-440>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-440.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 440-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-440

---

Мыйзамсыз иш таштоолор болуп төмөнкүлөр саналат жана аларга жол берилбейт:

а) аскердик же өзгөчө абал киргизилген же өзгөчө абал жөнүндө мыйзамдарга ылайык бөтөнчө чараларды көрүү мезгилинде; өлкөнү коргоо, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, авария-куткаруу, издөө-куткаруу, өрткө каршы жумуштар, бөөдө кырсыктардын жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу же жоюу маселелери боюнча иш жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн органдарында жана уюмдарында, башка аскердик, аскерлештирилген жана башка кошуундарда жана уюмдарда; укук коргоо органдарында; өндүрүштүн же жабдуулардын өзгөчө кооптуу түрлөрүн түздөн-түз тейлеген уюмдарда, тез жана шашылыш жардам көрсөтүүчү медициналык станцияларда;

б) эгерде иш таштоо мамлекеттин коргоонусуна жана коопсуздугуна, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген учурда, калктын турмуш тиричилигин (энергия менен жабдуу, жылытуу жана жылуулук берүү, суу, газ менен жабдуу, авиация, темир жол жана суу транспорту, байланыш, оорукана) камсыз кылуу менен байланышкан уюмдарда.

Иш берүүчүнүн же прокурордун арызынын негизинде соттун чечими боюнча гана иш таштоо мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн. Соттун чечими иш таштоого башчылык кылган орган аркылуу кызматкерлерге билдирилет, ал дароо соттун чечими тууралу иш таштоонун катышуучуларына билдирүүгө милдеттүү. Иш таштоону мыйзамсыз деп тапкан соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден тартып токтоосуз аткарылууга тийиш. Иш таштоого башчылык кылган органга соттун көрсөтүлгөн чечиминин көчүрмөсү берилгенден кийинки күндөн кечиктирилбестен кызматкерлер иш таштоону токтотууга жана ишке киришүүгө милдеттүү. Адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирилген учурда, сот баштала элек иш таштоону 30 күндүк мөөнөткө токтото турууга, ал эми башталган иш таштоону ошончо мөөнөткө токтотууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [439-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-439)  
Кийинки берене: [441-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-441)
