# 439-статья. Иш таштоонун жүрүшүндө жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынын милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-439>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-439.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 439-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-439

---

Жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары иш таштоону өткөрүү мезгилинде тыныштыруу жол-жоболорун жүргүзүү жолу менен талаш-тартыштарды чечүүнү улантууга милдеттүү. Иш берүүчү, аткаруу бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана иш таштоого башчылык кылган орган иш таштоо мезгилинде коомдук тартипти, уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн, башка өзүнчө курамдагы бөлүмдүн) жана кызматкерлердин мүлкүн сактоону, ошондой эле иштебей токтоп калышы адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген машиналар менен жабдуулардын иштөөсүн камсыз кылуу боюнча аларга тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү. Иши адамдардын коопсуздугуна, алардын ден соолугун камсыз кылууга жана коомдун турмуштук маанилүү таламдарына байланыштуу болгон уюмдарда (филиалдарда, өкүлчүлүктөрдө) экономиканын ар бир тармактарында (чакан тармактарда) зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң аз тизмеги иштелип чыгат жана тийиштүү кесиптик бирликтер менен макулдашуу боюнча экономиканын тиешелүү тармактарында (чакан тармактарында) ишин координациялоо жана жөнгө салуу жүктөлгөн тиешелүү аткаруу бийлик органы тарабынан бекитилет. Эгерде экономика тармактарында (чакан тармактарда) бир нече кесиптик бирликтер иштесе, зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң аз тизмеги экономиканын тармактарында (чакан тармактар) иштеген бардык кесиптик бирликтер менен макулдашуу боюнча бекитилет. Зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң аз тизмегин иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азы иш таштоону жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 күндүк мөөнөттө зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азынын тизмегинин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен бирдикте жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат. Зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азына жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрүн кошуу жарандардын ден соолугуна зыян келтирүү же өмүрүнө коркунуч келтирүү мүмкүндүгү менен жүйөлөштүрүүгө тийиш. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азына тиешелүү тизмекте каралбаган жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азы кошулбашы керек. Уюмдагы (филиалдагы, өкүлчүлүктөгү) зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азын белгилөөчү органдын чечимине жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары сотко даттанышы мүмкүн. Зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азы камсыз кылынбаганда иш таштоо мыйзамдуу эмес деп таанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [438-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-438)  
Кийинки берене: [440-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-440)
