437-статья. Иш таштоо жарыялоо
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Иш таштоо жарыялоо жөнүндө чечим кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын, жамааттык эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө мурда ыйгарым укук берилген кызматкерлердин сунушу боюнча уюмдун кызматкерлеринин (филиал, өкүлчүлүк, башка өзүнчө түзүмдүк бөлүм) жалпы чогулушунда (конференциясында) кабыл алынат. Кесиптик бирликтер (кесиптик бирликтердин бирикмелери) тарабынан кабыл алынган иш таштоо жарыялоо жөнүндө чечим, ошол уюмдун кызматкерлеринин чогулушунда (конференциясында) ар бир уюм үчүн бекитилет. Кызматкерлердин чогулушу (конференциясы) ага кызматкерлердин (конференциянын делегаттарынын) жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышканда укуктуу деп эсептелет. Иш берүүчү жыйынды (конференцияны) өткөрүүгө тоскоолдук кылууга укугу жок. Чечим, эгерде чогулушка (конференцияга) катышкан кызматкерлердин жарымынан көбү ага добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Кызматкерлердин чогулушун өткөрүү (конференция чакыруу) мүмкүн болбогондо, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы иш таштоо өткөрүүнү колдогон кызматкерлердин жарымынан көбүнүн колун чогултуу менен өз чечимин бекитүүгө укугу бар. Тыныштыруу комиссиясынын ишинин 5 календардык күнүнөн кийин бир сааттык эскертүү иш таштоосу бир ирет жарыяланышы мүмкүн, бул тууралу иш берүүчүгө 3 жумуш күнүнөн мурда жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш. Эскертүү иш таштоосун өткөрүүдө ага башчылык кылган орган, ушул Кодекске ылайык зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азын камсыз кылат. Алдыдагы иш таштоонун башталышы жөнүндө иш берүүчүгө 10 календардык күн мурда жазуу жүзүндө эскертилүүгө тийиш. Иш таштоону жарыялоо жөнүндө чечимде: иш таштоону жарыялоо жана өткөрүү үчүн негиз болуп саналган жамааттык эмгек талаш-тартыш талаптарынын пикир келишпестиктеринин тизмеги; иш таштоону баштоо күнү жана убактысы, анын болжолдуу узактыгы жана катышуучулардын болжолдуу саны; иш таштоого башчылык кылган органдын аталышы, тыныштыруу жол-жоболоруна катышууга ыйгарым укук берилген кызматкерлердин өкүлдөрүнүн курамы; иш таштоону өткөрүү мезгилинде уюмда (филиалда, өкүлчүлүктө, башка өзүнчө курамдык бөлүмдөрдө) аткарылуучу зарыл жумуштардын (кызмат көрсөтүүлөрдүн) эң азы боюнча сунуштар көрсөтүлөт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
437-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-437" title="437-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>