433-статья. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Тыныштыруу комиссиясы тарабынан пикир келишпестиктердин протоколу түзүлгөндөн кийин жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары 3 жумуш күндүн ичинде ортомчуну чакырышы мүмкүн. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароонун тартиби ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынын макулдашуусу менен аныкталат. Ортомчу жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынан ушул талаш-тартышка тиешелүү зарыл болгон документтерди жана маалыматтарды алардан суратууга жана алууга укугу бар. Ортомчунун катышуусу менен жамааттык эмгек талаш-тартыштарын кароо аны чакырып алган (дайындаган) күндөн баштап 7 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт жана жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары тарабынан жазуу жүзүндөгү макулдашылган чечимди кабыл алуу же пикир келишпестиктердин протоколун түзүү менен аяктайт.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
433-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-433" title="433-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>