# 432-статья. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарынын тыныштыруу комиссиясы тарабынан каралышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-432>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-432.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 432-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-432

---

Тыныштыруу комиссиясы жамааттык эмгек талаш-тартыш башталган күндөн тартып 3 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө түзүлөт. Комиссияны түзүү жөнүндө чечим иш берүүчүнүн тиешелүү буйругу (тескемеси) жана кызматкерлердин өкүлүнүн чечими менен жол-жоболоштурулат. Тыныштыруу комиссиясы тең укуктуу негизде жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары тыныштыруу комиссиясын түзүүдөн жана анын ишине катышуудан баш тартууга укуксуз. Иш берүүчү тыныштыруу комиссиясынын иштеши үчүн зарыл шарттарды түзөт. Жамааттык эмгек талаш-тартыштары тыныштыруу комиссиясы тарабынан аны түзүү жөнүндө буйрук (тескеме) чыгарылган күндөн тартып 5 жумуш күнүнө чейинки мөөнөттө каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн мөөнөт тараптардын өз ара макулдугу менен узартылышы мүмкүн, ал протокол менен жол-жоболоштурулат. Тыныштыруу комиссиясынын чечими жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптарынын макулдашуусу боюнча кабыл алынат, протокол менен жол-жоболоштурулат, ушул талаш-тартыш тараптары үчүн милдеттүү күчкө ээ жана тыныштыруу комиссиясынын чечими менен белгиленген тартипте жана мөөнөттө аткарылат. Тыныштыруу комиссиясында макулдашууга жетишилбегенде жамааттык эмгек талаш-тартыш тараптары ортомчунун катышуусу менен тыныштыруучу жол-жоболорун улантышат.

---

Мурунку берене: [431-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-431)  
Кийинки берене: [433-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-433)
