# 429-статья. Кызматкерлердин жана алардын өкүлдөрүнүн койгон талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 429-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-429

---

Талап коюу укугуна ушул Кодекстин 29-31-статьяларына ылайык аныкталган кызматкерлер жана алардын өкүлдөрү ээ. Уюмдун (филиалдын, өкүлчүлүктүн, башка өзүнчө түзүмдүк бөлүмдүн) кызматкерлери жана (же) кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы тарабынан коюлган талаптар кызматкерлердин тиешелүү жыйынында (конференциясында) бекитилет. Эгерде кызматкерлердин жыйынына иштегендердин жарымынан көбү катышса, укуктуу деп эсептелинет. Эгерде конференцияга шайланган делегаттардын үчтүн эки бөлүгүнөн кем эмеси катышса ал укуктуу деп эсептелет. Иш берүүчү талаптарды коюу боюнча жыйындарды (конференцияларды) өткөрүү үчүн кызматкерлерге же кызматкерлердин өкүлдөрүнө зарыл болгон жай берүүгө милдеттүү жана анын өтүшүнө тоскоолдук кылууга укугу жок. Кызматкерлердин талаптары жазуу жүзүндө баяндалат жана иш берүүчүгө жиберилет. Кесиптик бирликтердин жана алардын бирикмелеринин талаптары коюлат жана социалдык өнөктөштүктүн тиешелүү тараптарына жиберилет.

---

Мурунку берене: [428-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-428)  
Кийинки берене: [430-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-430)
