428-статья. Негизги түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 23.01.2025 редакциясы · 43-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 23 января 2025 года № 24.
Жамааттык эмгек талаш-тартыштары - кызматкерлер (алардын өкүлдөрү) менен иш берүүчүлөрдүн (алардын өкүлдөрүнүн) ортосундагы эмгек шарттарын белгилөө жана өзгөртүү (эмгек акыны кошо алганда), жамааттык келишимдерди, макулдашууларды түзүү, өзгөртүү жана аткаруу жагдайлары боюнча, ошондой эле уюмдарда иш берүүчүнүн эмгек укуктарынын ченемдерин камтыган актыларды макулдашууда жана кабыл алууда кызматкерлердин шайлануучу өкүлчүлүктүү органынын пикирин эсепке алуудан баш тарткандыгына байланыштуу жөнгө салынбаган пикир келишпестиктер. Тыныштыруу жол-жоболору - жамааттык эмгек талаш-тартышты ортомчунун катышуусу менен тыныштыруучу комиссия тарабынан аны чечүү максатында кароо. Жамааттык эмгек талаш-тартыштарынын башталыш учуру - иш берүүчүнүн (анын өкүлүнүн) кызматкерлердин (алардын өкүлдөрүнүн) талаптарынан бүтүндөй же жарым-жартылай баш тартуусу жөнүндө чечимин билдирген же иш берүүчү (анын өкүлү) тарабынан ушул Кодекстин 430-статьясына ылайык өзүнүн чечимин билдирбеген күн, ошондой эле жамааттык сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө пикир келишпестиктердин протоколун түзүү күнү. Иш таштоо - кызматкерлердин жамаатык эмгек талаш-тартыштарын чечүү максатында эмгек милдеттерин (толук же жарым-жартылай) аткаруудан убактылуу ыктыяры менен баш тартуулар.
Берененин тексти 23.01.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
428-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/1505/st-428" title="428-статья - Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>