# 423-статья. Жумуштан бошотуу, четтетүү жана башка ишке которуу жөнүндө талаш-тартыштар боюнча чечим чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-423>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-423.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 423-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-423

---

Иштен четтетүү, бошотуу же башка жумушка которуу мыйзамсыз деп табылган учурда кызматкер жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган тарабынан мурдагы иштеген жумушуна кайрадан орноштурулууга тийиш. Жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган кызматкерге аргасыз ишке чыкпаган бардык учурдагы орточо эмгек акысын же аз акы төлөнүүчү жумушту аткарган бардык учурдагы эмгек акыдагы айырманы төлөө жөнүндө чечим чыгарат. Кызматкердин арызы боюнча жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган жогоруда көрсөтүлгөн компенсацияларды анын пайдасына чегерүү жөнүндө чечим чыгаруу менен чектелиши мүмкүн. Кызматкердин арызы боюнча жекече эмгек талаш-тартыштарын караган орган жумуштан бошотуунун туюндурманын негизин өз каалоосу боюнча жумуштан бошонду деп өзгөртүү жөнүндө чечим чыгарат. Жумуштан бошотуунун себебинин туюндурмасы туура эмес же мыйзамга ылайык келбейт деп табылган учурда, жекече эмгек талаш-тартышын караган сот аны өзгөртүүгө жана чечимде бошотуунун себебин жана негизин ушул Кодекстин же башкы мыйзамдын туюндурмасына так туура келгидей көрсөтүүгө милдеттүү. Эгерде эмгек китепчесиндеги жумуштан бошотуунун себебинин туура эмес туюндурмасы кызматкердин башка жумушка орношуусуна тоскоолдук кылса, анда сот кызматкердин аргасыз ишке чыкпаган бардык учуру үчүн орточо эмгек акысын төлөө жөнүндө чечим чыгарат. Мыйзамсыз негиздер менен жумуштан бошотулган же жумуштан бошотуунун белгиленген тартибин бузуу менен жумуштан бошотулган, болбосо башка жумушка мыйзамсыз которгон учурда сот кызматкердин талабы боюнча ага көрсөтүлгөн аракеттер менен келтирилген моралдык зыянды акчалай компенсациялап ордун толтуруу жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Бул компенсациянын өлчөмүн сот аныктайт. Эгерде кызматкерди мурдагы жумушуна калыбына келтирүүгө мүмкүн болбосо (кызмат оруну кыскартылса, бөлүм кичирейтилсе, уюм жоюлса), анда сот иш берүүчүгө же анын укук мураскоруна кызматкерге орточо эмгек акысынын 12 эсе өлчөмүнөн кем эмес материалдык ордун толтуруу төлөмүн төлөө милдетин жүктөйт.

---

Мурунку берене: [422-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-422)  
Кийинки берене: [424-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-424)
