# 419-статья. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечимдеринин аткарылышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/1505)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 2004-жылдын 4-августундагы № 106 кодекси "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 106
- Кабыл алынган күнү: 04.08.2004
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.01.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"](https://aqlex.ai/kg/doc/230021009)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-419>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-22/edition/1220575/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1505/st-419.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.01.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси, 419-статья (23.01.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-419

---

Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечими даттануу берүү үчүн каралган 10 күн өткөндөн кийин 3 күндүн аралыгында аткарылууга тийиш. Комиссиянын чечими белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия кызматкерге аткаруу документи болуп саналган күбөлүк берет. Эгерде кызматкер же иш берүүчү белгиленген мөөнөттө эмгек талаш-тартыштарын сотко которуу жөнүндө арыз менен кайрылса, күбөлүк берилбейт. Эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия берген жана аны алгандан кийин 3 айдан кеч эмес мөөнөттө көрсөткөн күбөлүктүн негизинде сот аткаруучусу эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссиянын чечимин мажбурлоо жолу менен ишке ашырат. Кызматкер белгиленген 3 айлык мөөнөттү жүйөлүү себептер боюнча өткөрүп жиберген учурда эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссия ушул мөөнөттү калыбына келтирет.

---

Мурунку берене: [418-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-418)  
Кийинки берене: [420-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1505/st-420)
